Бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болду

Publications: 25.11.2020


Республикада экономикалык ишмедиктин түрлөрү боюнча жумушчулардын орточо эмгек акысы айына  9 миңден 36 миң сомго чейинкини түзөт.

2020-жылдын январь-сентябрында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 17 926 сомду түздү жана 2019-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы 23,6 миң сомду түздү жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болду.

2020-жылдын январь-сентябрында бюджеттик жана бюджеттик эмес1 чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы

(сом)

 

Бюджеттик эмес чөйрө

Бюджеттик чөйрө

Бардыгы

23 563

14 836

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук

12 686

10 037

Пайдалуу кендерди казуу

34 889

-

Иштетүү өндүрүшү (иштетүү өнөр жайы)

18 421

13 201

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

28 900

22 518

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

17 593

8 786

Курулуш

21 665

11 223

Дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоо

17 238

4 715

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

20 917

18 306

Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги

16 548

12 107

Маалымат жана байланыш

39 012

19 235

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу

35 940

42 144

Кыймылсыз мүлк операциялары

14 278

12 570

Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик

32 441

13 215

Административдик жана көмөкчү ишмердик

13 944

21 363

Мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо

-

22 771

Билим берүү

19 259

13 924

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө

11 588

10 682

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

13 321

9 260

Башка тейлөө ишмердиги

15 757

11 147

1 Чакан ишканаларды эсептебегенде.

Жалпысынан, жогоруда келтирилген маалыматтардан көрүнүп тургандай, орточо айлык эмгек акынын өлчөмү ишмердиктин түрлөрү боюнча айырмаланат. Мисалы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында эмгек акынын деңгээли экономикалык ишмердиктин башка түрлөрүндөгү эмгек акынын деңгээлинен төмөн. Бул социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн шартталган, себеби алардын басымдуу бөлүгү мамлекеттин каржылоосунда турушат.

Ишкананын кызматкерлеринин орточо номиналдык эмгек акысы тизмелик жана тизмелик эмес курамдагы кызматкерлердин иш жүзүндө эсептелген эмгек акы фондунун орточо эмгек акыны эсептөө үчүн кабыл алынган кызматкерлердин жана отчеттук мезгилдеги айлардын санына бөлүү жолу менен эсептелээрин белгилейбиз.

Улутстатком ар жылдык негизде ноябрда толук иштеген ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин санын эсептелген эмгек акынын өлчөмүнө жараша бөлүштүрүү боюнча маалыматты иштеп чыгат.

Видео: Кыргызстандагы орточо айлык тууралуу Улутстаткомдун эксперти баяндайт 

 

_______________________________________________________________________

Эмгек жана иш менен

камсыз кылуу

статистикасы бөлүмү              | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 25.11.2020, 13:22