Кыргызстан аялдары: цифралар жана фактылар

Publications: 05.03.2021


Кыргыз Республикасында жыл сайын 8-март Эл аралык аялдар күнү белгиленет.

8-март майрамы 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болуп, ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык катары белгиленип келет.    

2021-жыл башына карата Кыргыз Республикасында аялдардын саны 3,3 миллион адамды түзгөн. Муну менен бирге, аялдардын саны эркектердин санына салыштырмалуу (50,4%) көбүрөөк болуп, Кыргызстан үчүн мүнөздүү болуп келген өсүш сакталып келүүдө.

Мурдагыдай эле, республиканын аялдарынын үчтөн экиси (64%) айыл тургундары болуп келет. Муну менен бирге, ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял - Бишкек шаарында жашайт. Ошол эле учурда, төрөлүү жогору болгон аймактарда - Ош жана Жалал-Абад облустарында эркектердин саны, тескерисинче, аялдардын санынан ашып түшөт (белгилүү болгондой кыздарга караганда эркектер көп төрөлөт).

2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыздуулук деңгээли 48% түзсө, ал эми экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жашты түздү. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы аял 25 жаштан 29 жашка чейинки куракта. Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү, соода сыяктуу иш-чаралар негизинен "аялдардын чөйрөсү " болуп саналат.

2020-жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн ишканалар менен мекемелердин бир жолку сурамжылоосуна ылайык, жалпы республика боюнча аялдардын эмгек акысынын  эркектердин эмгек акысына болгон катышы 75,4 пайызды түзгөн. Аялдар менен эркектердин эмгек акысынын деңгээлинин айырмачылыгы алардын ар тараптуу тармакта жумуш менен камсыз болуусуна байланыштуу. Ошентип, эмгек акысы аз болгон билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген жумушчулардын жалпы санында аялдар басымдуулук кылат.

2019-жылы иштегендердин жалпы санында жогорку кесиптик билимге ээ болгон аялдардын үлүшү 27% түзсө, эркектердин үлүшү 18% түздү, ал эми орто кесиптик билим алгандардын арасында бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 17% жана 8% ды түздү.

Калктын курамында жаштардын саны артыкчылык кылгандыктан Кыргызстанда никеге туруу көрсөткүчү жогору. 2020-жылы никеге турган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы - биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.

Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш)  эркектердикине караганда (27 жаш) бир аз жогору. Бирок биздин аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Төрөлгөндөн кийин болжолдуу жашоо узактыгы көрсөткүчү боюнча 2019-жылы аялдардын курагы 76 жашты түзгөн болсо, эркектердики 68 жаш, деп белгиленген. Азыркы тапта 60 жаштагы аялдар орточо эсеп менен дагы 20 жыл, ал эми эркектер дагы 14 жыл өмүр сүрөт, деген прогноз бар. Өмүр узактыгында да айырмачылыктар бар: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсе жогору экени аныкталды.

Кыргыз Республикасынын орточо статистикалык аялзаты 24 жашка жакын биринчи балалуу болот. Бир аялзаты негизинен үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда, көптөгөн КМШ өлкөлөрүнөн айырмаланып, жөнөкөй репродукция жогору, калктын көбөйүшү камсыздалган, 2020-жылдын аягына карата калктын саны 6,6 млн. адамга жетти.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20–24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18–19 жаш же 25-29 жаш курагында болгон. Никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 24 жашты түзгөн, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы – 35 жашка барабар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Last updating: 05.03.2021, 11:35