Улутстаткомдун төрагасы Самат Насирдинов “Европа жана Борбор Азиядагы демографиялык келечекти түзүү” аймактык конференциясына катышты

Басылмалардын датасы: 03.12.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Самат Насирдинов жана Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев София шаарында 2021-жылдын 1-2 декабрында  өткөрүлгөн “Европа жана Борбор Азиядагы демографиялык келечекти түзүү” аймактык конференциясына катышышты. Аталган конференция Болгария Республикасынын Президентинин демилгеси менен өткөрүлүп, анда калк жайгаштыруу жаатында жаралып жаткан көйгөйлөрдү чечүү жолдору каралды. Конференцияга министрлер, өкмөттүн мүчөлөрү, жарандык коомчулук, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Конференциянын негизги максаты болуп демографиялык өзгөрүү учурунда жаралган көйгөйлөрдү биргеликте чечүү, демографиялык келечекти түзүүдөгү өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашуу өңдүү маанилүү багыттар болуп саналат.

Улутстаткомдун Төрагасы Самат Насирдинов сүйлөгөн сөзүндө конференциянын катышуучуларын келерки жылы Кыргызстанда өткөрүлө турган калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча маалымдап, БУУнун калк жайгаштыруу Фондуна калкты каттоо боюнча улуттук кампанияга көрсөткөн техникалык жардам жана келерки жылы статистика менен демографиялык өнүгүү маселелерин талкулоо үчүн министрлер даражасында жолугушуу өткөрүү үмүтү ыраазычылыгын билдирди.

Конференциянын алкагында БУУнун калк жайгаштыруу боюнча Фондун директору Наталья Каннем менен расмий делегациянын мүчөлөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуунун негизги өзөгүн Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да кабылып жаткан демографиялык өзгөрүүлөр жана демографиялык өнүгүү маселелери түзүштү.

            


Акыркы жаңылоо: 03.12.2021, 13:54