10 - мартта Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 09.03.2017


Эртең, 2017-жылдын 10-мартында, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2017-жылдын январ-февралында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2016-жылдагы Кыргыз Республикасында айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2016-жылдагы тышкы жана өз-ара сооданын алдын ала жыйынтыктары;
  • 2016-жылда Кыргыз Республикасындагы туризм.

Чыгып сүйлөөчүлөр:

  • Турдубаева Чинара Сейтказиевна – Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Исманова Венера Абдрасуловна – Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Мамбеталиева Венера Табылдиевна – Соода статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Супатаева Бактыгуль Таштандиевна - Соода статистикасы башкармалыгынын керектөө рыногунун статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси.

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).


Акыркы жаңылоо: 10.03.2017, 11:07