11 - апрелде Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 10.04.2017


Эртең, 2017-жылдын 11-апрелинде, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2017-жылдын январ-мартында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча өнөр-жайдын көрсөткүчтөрү жөнүндө;
  • 2017-жылдын I кварталында керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүгө баалардын жана тарифтердин өзгөрүүсү жөнүндө;
  • 2016-жылдагы кылмыштуулуктун абалы жөнүндө.

Чыгып сүйлөөчүлөр:

  • Текеева Люксина Айгуфовна – КР Улутстаткомунун төрагасынын орун басары;
  • Нурбаева Айнура Табылгановна – Өнөр-жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Абдукадирова Малика Азимовна – Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Рахманова Жылдыз Жалиловна – Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы.

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).


Акыркы жаңылоо: 10.04.2017, 09:29