11 - июлда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 09.07.2018


 2018-жылы 11-июлда эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2018-жылдын январ-июнунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2018-жылда Кыргыз Республикасында айдоо жерлерин жана айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарын колдонууну эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2018-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын келип түшүүсү жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасындагы орточо айлык акынын статистикасы жөнүндө.

 

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз катчысы

т.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).

 


Акыркы жаңылоо: 09.07.2018, 11:26