12 - сентябрда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 11.09.2018


 2018-жылы 12-сентябрда эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2018-жылдын январ-августунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2018-жылдын январ-августунда Ош облусунун жана Ош шаарынын  социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2018-жылдын январ-июнунда Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын келип түшүүсү жөнүндө;
  • 2017-жылда биргелешкен ишканалардын ишмердиги жөнүндө.

 

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).


Акыркы жаңылоо: 12.09.2018, 11:17