Цифралар жана фактылар: Байланыш кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 06.05.2021


Байланыш статистикасы боюнча алгачкы расмий маалыматтар 1937-жылы Улуу Октябрь революциясынын 20 жылдыгына арналган кыскача статистикалык маалымдамада басылып чыккан. Анда берилген статистикалык маалыматтарга ылайык 1935-жылдын 1-январына карата республикада 31 почтампт жана байланыш бөлүмү, 197 почта агенттиги жана 632 почта ящиги эсепке алынган. Айыл жерлерине почта продукциясын жайылтуу, ошол мезгилде ат менен (177 адам) жана жөө (342 адам) кат ташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн.

Жыл сайын мобилдик байланыш тармагына кошулган абоненттердин саны өсүүдө, ушул эле учурда туруктуу байланыш абоненттеринин саны төмөндөөдө.

Алсак, 2008-жылы калктын 1000ине 94 стационардык телефон жана 635 мобилдик байланыш телефону туура келген болсо, 2020-жылы стационардык телефондордун саны калктын 1000ине 41 адамга туура келген, ал эми мобилдик номерлердин саны 1 102 жетти жана ушул мезгилдин ичинде дээрлик 1,7 эсеге көбөйдү.

 

Стационардык жана мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны*

1 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүүнүн министерствосунун алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматтары

2020-жылы республиканын аймагында 796 телефон станциясы, анын ичинен 555и - шаар конуштарында жана 241и - айыл жерлеринде иштеди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылы байланыш кызматтарынын көлөмү 22 миллиарддан ашык сомду түздү, анда уюлдук байланыш кызматтарынын үлүшүнө 47 пайыздан ашыгы, Интернет каналдарын берүү боюнча кызматтар - 39 пайызга жакыны, эл аралык жана шаар аралык телефон байланышы - 1,0 пайыз, шаардык жана айылдык (жергиликтүү) телефон кызматтарынын үлүшүнө - 1,6 пайызы туура келди. Үн байланышынын салттуу ыкмасын Интернет тиркемелери аркылуу маалыматтарды берүүгө алмаштыруу тенденциясы белгиленүүдө.

2020-жылы алдын ала маалыматтар боюнча жалпысынан ИДПнын жалпы көлөмүндө байланыш кызматтарынын үлүшүнө 2,7 пайызы туура келди.

 

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү |e-mail: ltekeeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324650, 324918


 

 

 

 
 

 

 


Акыркы жаңылоо: 06.05.2021, 16:27