«Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли» статистикалык жыйнагы жарыкка чыкты

Басылмалардын датасы: 29.11.2019


«Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли» басылма демографиялык кырдаалды, жашоо деңгээлинин негизги индикаторлорун, үй чарбаларынын акчалай кирешелерин жана чыгашаларын, жакырчылык деңгээлин, турак-жай шарттарын, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү, пенсияны жана жөлөк пулду, аялдардын тукум улоочу ден соолугун мүнөздөгөн маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыйт. Тиркемелерде толук статистикалык маалыматтар, аларга болгон усулдук түшүндүрмөлөр жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылга карата басылмаларынын тизмеги келтирилген. Жыл сайын басып чыгарылат.

Басылманы сатып алуу үчүн маркетинг бөлүмүнө кайрылыңыздар.

_________________________________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмү 

e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 29.11.2019, 14:13