10 - ноябрда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 08.11.2017


 2017-жылы 10-ноябрда эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2017-жылдын январ-октябрында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2016-жылда жана 2017-жылдын 9 айында тышкы жана өз ара соода жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2016-жылы камсыздандыруу уюмдарынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү жөнүндө;
  • Айыл жериндеги таза суунун абалы жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал.

Чыгып сүйлөөчүлөр:

  • Касымбеков Баисбек Касымбекович – Улутстаткомдун төрагасынын орун басары;
  • Мамбеталиева Венера Табылдиевна – Соода статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Абдрахманова Чынаркуль Садырбековна – Финансы статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Орозбаева Каныкей Джантаевна – Туруктуу өнүктүрүү жана айлана чөйрө статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Таипова Тамара Сабыровна - Демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси.

 

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 08.11.2017, 15:23