23-июнь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 21.06.2017


Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында иштеген мамлекеттик кызматкерлердин 2017-жылдын 1-январына жалпы саны жөнүндө

          Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Статистикалык иштердин программасына ылайык, 2017-жылдын 1-январына карата Бирдиктүү Мамлекеттик Каттоодо мамлекеттик бийлик жана башкаруу органынын мекемеси катары катталган, юридикалык жактын укугуна ээ болгон өз алдынча мекемелерди жана уюмдарды текшерүүнү өткөрдү.

Маалыматты иштеп чыгууда коргоону, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылган органдарынын мамлекеттик кызматкерлеринин саны эсептелген жок. 2017-жылдын 1-январына мамлекеттик кызматкерлердин саны 17,7 миң адамды түздү жана бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга төмөндөгөн. Мында саясий жана атайын кызмат орундарынын 7,2 пайызы, административдик кызматка - 92,8 пайызы туура келген.

2017-жылдын 1-январына мамлекеттик кызматкер аялдардын саны 7,1 миң адамды же 40 пайыздан көбүн түзгөн.


Акыркы жаңылоо: 21.06.2017, 09:02