«Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги» статистикалык жыйнагы басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 04.10.2017


Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердигинин - 2012-2016 жылдардагы басылмасы басылып чыкты. 

Басылмада 2016ж. чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиктеринин негизги экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча кыскача талдоо жана статистикалык  маалыматтар мурунку жылдарга салыштырып берилди.

Тиркемеде чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын саны, анда иштегендердин саны, ишканалардын финансылык-чарбалык ишмердиги жөнүндө, ошондой эле өнөр жай продукцияларынын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмү сыяктуу айрым өндүрүштүк көрсөткүчтөр, соода боюнча, автомобилдерди, турмуш-тиричилиик буюмдарын жана жеке керектелүүчү нерселерди о¾доо, ошондой эле транспорт жана байланыш боюнча маалыматтарды камтыган статистикалык таблицалар келтирилди. Ишканалардын тышкы экономикалык ишмердиги, негизги капиталга инвестиция жана чет өлкөлүк инвесторлордон түшкөн инвестициялар жөнүндө маалыматтар камтылган.

 

 Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылыңыздар.

 

___________________________________________________________

  Финансы статистика бөлүмү    |      e-mail: abdrahmanova@stat.kg    |      тел. + 996 (312) 625591

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын  17-беренеси).   


Акыркы жаңылоо: 04.10.2017, 14:38