2020-жылдын I кварталында камсыздандыруу компанияларынын ишмердигинин талдоосу

Басылмалардын датасы: 16.06.2020


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында 16 компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүздү. Алар тарабынан 407,6 млн. сом суммасында киреше алынды, бул 2019-ж. январь-мартына салыштырганда 20,2 пайызга көп. Чыгымдар ушул салыштырылып жаткан мезгилде 6,5 пайызга азайып жана 271,3 млн. сомду түздү.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча 12 камсыздандыруу компания кирешелүү (137,8 млн. сом пайда көлөмү менен), эки компания - чыгашалуу болуп саналды. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык оң болуп түзүлдү жана 136,3 млн. сом пайданы түздү, бул 2019-ж. январь-мартына караганда 2,8 эсеге көп.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата 43,7 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 9,1 пайызга аз. Алардын ичинен 36,4 миңи же 83,4 пайызы жеке жактар менен, 16,6 пайызы - юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдер болду. Муну менен катар түзүлгөн келишимдеринин жалпы саны 56,8 пайызы ыктыярдуу камсыздандырууга, ал эми 43,2 пайызы - милдеттүү камсыздандырууга туура келди.

Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

 (жыйынтыка карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 48,2 пайызга же 68,0 млрд. сомго көбөйүп, ү.ж. 1-апрелине карата 209,3 млрд. сомду түздү. Мында жалпы камсыздандыруу суммасынын көлөмүнүн  52,3 пайызы (же 109,4 млрд. сому) мүлктү камсыздандыруу келишимине, 21,2 пайызы (44,4 млрд.) - милдеттүү камсыздандыруу келишимине, 14,8 пайызы (31,0 млрд.) - жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимдерине жана 11,7 пайызы (же 24,5 млрд. сому) жеке камсыздандыруу келишимине туура келди.

Келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу 6,1 пайызга азайып жана 251,4 млн. сомду түздү. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 44,3 пайызы (111,3 млн. сом) чарбачылык кылган субъектилердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери боюнча түшүүлөрүнүн эсебинен түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында 1,9 миң  камсыздандыруу учурлар  түзүлдү, бул 2019-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 7,6 пайызга аз. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү ү.ж. I кварталында 38,4 млн. сомду түздү, бул 16,5 пайызга аз. Мында төлөмдөрдүн негизги көлөмү мүлктүк (15,4 млн. сом) жана жеке медициналык (12,4 млн. сом) камсыздандырууга туура келди.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.06.2020, 15:55