2019-жылдын 9 айында камсыздандыруу компанияларынын ишмердигин талдоо

Басылмалардын датасы: 19.11.2019


2019-жылдын январь-сентябрында республиканын финансы секторунда 17 компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүзүштү. Мындан тышкары, эки камсыздандыруу компаниялардан ишмердикти жүргүзүү лицензиясы кайра чакырып алынды жана бирөө өнүгүү стадиясында турган. Камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 16,6 пайызга өсүп, 910,2 млн. сомду түздү, муну менен бирге кирешелердин негизги көлөмү (кирешелердин жалпы суммасынын 82,2 пайызы же 747,8 млн. сому) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары үстүбүздөгү жылдын 9 айында 26,9 пайызга өсүп, 839,2 млн. сомду түздү. Камсыздандыруу компанияларынын каражаттарын сарптоонун негизги багыттары кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдар (чыгымдардын жалпы суммасынын 35,9 пайызы) жана ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдар (32,2 пайыз) болуп саналды.

Финансылык-чарбалык ишмердиктин натыйжалары боюнча 2019-жылдын январь-сентябрында камсыздандыруу компаниялары тарабынан 130,3 млн. сом өлчөмүндө теңдемдик (баланстык) пайда алынды, бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,4 пайызга көп. 13 компания рентабелдүү болуп эсептелди, алар тарабынан 146,8 млн. сом пайда алынды, ал эми 4 компания рентабелдүү эмес болуп, 16,4 млн. сом өлчөмүндө чыгым тартты.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында камсыздандыруу компаниялары 134,7 миң камсыздандыруу келишимдерин түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 44,7 пайызга аз. Келишимдердин жалпы санынын ичинен дээрлик 85 пайызы (114 миңден ашыгы) жеке жактар менен, 15,4 пайызы - юридикалык жактар менен келишимдер түзүлдү.

Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны
 (жыйынтыка карата пайыз менен)

 

Түзүлгөн келишимдердин камсыздандыруу суммасы үстүбүздөгү жылдын 1-окетябрына карата өткөн жылдын ошол эле күнүнө салыштырганда 8,4 пайызга көбөйүп, 569,3 млрд. сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын көбөйүшү ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу жана жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимдери менен камсыз болду.

Келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда 17,9 пайызга көбөйүп, 747,8 млн. сомду түздү.

Камсыздандыруу учурларынын саны үстүбүздөгү жылдын 9 айында 5,5 миң түздү, бул 2018-жылдын салыштырмалуу мезгилине караганда 7,9 пайызга аз. Төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү ушул салыштырылып жаткан мезгилде 1,5 эсеге көбөйүп, 120,4 млн. сомду түздү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги көлөмү ыктыярдуу  мүлктүк (жалпы көлөмдүн 53,3 пайызы) жана жеке медициналык камсыздандырууга (26 пайызы)  туура келди.

________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;      |тел. + 996 (312)  664209

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.11.2019, 14:45