2020-жылдын 9 айында камсыздандыруу компанияларынын ишмердигинин талдоосу

Басылмалардын датасы: 19.11.2020


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында 15 компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүздү. Алар тарабынан 965,8 млн. сом суммасында киреше алынды, бул 2019-ж. январь- сентябрына салыштырганда 0,4 пайызга аз. Чыгымдар ушул салыштырылып жаткан мезгилде 14,9 пайызга азайып жана 714,3 млн. сомду түздү.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 13 камсыздандыруу компания кирешелүү (255,6 млн. сом пайда көлөмү менен), эки компания - чыгашалуу болуп саналды. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык оң болуп түзүлдү жана 251,5 млн. сом пайданы түздү, бул 2019-жылдын январь-сентябрына караганда 1,9 эсеге көп.

2020-жылдын 1-октябрына карата 103,9 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 22,9 пайызга аз. Алардын ичинен 89,5 миңи же 86,2 пайызы жеке жактар менен, 14,4 миңи же 13,8 пайызы - юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдер болду. Муну менен катар түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 47,6 пайызы ыктыярдуу камсыздандырууга, ал эми 52,4 пайызы - милдеттүү камсыздандырууга туура келди.

Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

 (жыйынтыка карата пайыз менен)

 

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу төрттөн ашык бөлүгүнө же 147,5 млрд. сомго кыскаруу менен, 2020-жылдын 1-октябрына карата 421,7 млрд. сомду түздү. Мында жалпы камсыздандыруу суммасынын көлөмүнүн 52,7 пайызы (же 222,1 млрд. сому) ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу келишимине, 24,8 пайызы (104,5 млрд.) - милдеттүү камсыздандыруу келишимине, 15,1 пайызы (63,8 млрд. сому) - жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимдерине туура келди.

Келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 14 пайызга азайып жана 643,2 млн. сомду түздү. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 48 пайызыдан ашыгы (309,9 млн. сом) чарбачылык кылган субъектилердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу, 16 пайызы (102,9 млн. сом) - ыктыярдуу жеке камсыздандыруу келишимдери боюнча түшүүлөрүнүн эсебинен түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 5,2 миң камсыздандыруу учурлар түзүлдү, бул 2019-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 6,2 пайызга аз. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү ушул салыштырылып жаткан мезгилде 106,6 млн. сомду түздү, бул 11,4 пайызга аз. Мында төлөмдөрдүн негизги көлөмү ыктыярдуу мүлктүк (41,2 млн. сом) жана жеке медициналык (33,5 млн. сом) камсыздандырууга туура келди.

 

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү     |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 19.11.2020, 16:45