КМШ өлкөлөрү боюнча жашоо минимумунун түзүмүнүн талдоосу жана динамикасы

Басылмалардын датасы: 15.04.2019


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, тамак-аш азыктарынын  минималдуу топтомунун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана  энергетикалык баалуулугун, жашоо минимумунун көлөмүн эсептөө методикасын камтыган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, квартал сайын жашоо минимумунун нарктык көлөмүн эсептеп чыгарат.

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарлардын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмү

(пайыз менен)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694

токтому менен бекитилген

Жашоо минимумунун азык-түлүк баштыгынын (корзина) курамы тамак-аш азыктарынын 32 аталышын камтыйт, алардын керектөөчүлүк ченемдери  калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты.

Азык-түлүк баштыгынын (корзина) энергетикалык баалуулугу орточо 2101 ккал түзөт, ал эми  анын химиялык курамы 73 гр. белокту жана 71 гр. майды камтыйт.

2019-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4681,31 сомду түзүп, мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4,2 пайызга төмөндөдү. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында январ-март айларында жашоо минимумунун наркынын төмөндөшү байкалды.  

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(калктын адам башына алганда орточо эсеп менен, айына сом)

 

I квартал

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен

 

              2018

             2019

Бардыгы

4884,49

4681,31

95,8

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

5457,31

5218,80

95,6

 анын ичинен:

 

 

 

  эркектер

5595,53

5323,59

95,1

  аялдар

5425,44

5165,12

95,2

Пенсионерлер

4365,76

4168,37

95,5

Балдар

4153,45

4000,85

96,3

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

3689,31

3573,81

96,9

 7ден 14кө чейинки

4312,38

4143,44

96,1

 14төн 17ге чейинки

4701,55

4503,73

95,8

Көпчүлүк Шериктеш өлкөлөрдө жашоо минимумунун көлөмү  мыйзамдык түрдө түзүлөт, керектөө баштыктарынын (корзина) курамдары КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн тиешелүү органдары тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана климаттык, улуттук жана башка өзгөчөлүктөрү менен байланышкан олуттуу айырмачылыктар бар.   

КМШ өлкөлөрүндө жашоо минимумунун көлөмү  
(улуттук валютада жана улуттук валюталардын АКШ долларына карата жылдык орточо курстары боюнча;
бир баш деп алгандагы эсептөө, бир айда)

 

Улуттук валюта бирдиги

АКШ доллары

 

2017

2018

2019

2017

2018

2019

Азербайжан, манат

155

173

180

91

102

106

Беларусия,

белорус рубли

 

192

 

214

 

217 1)

 

90

 

  99

 

101

Казакстан, тенге

23783

28620

27405 2)

63

74

73

Кыргызстан, сом

4901

4792

4681 4)

69

69

67

Молдова, лей

1862

1891

1891 3)

106

110

110

Россия, рубль

10088

10213

10444 4)

  155

147

159

Украина, гривен

1604

1777

1853 4)

60

64

69

КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча

  1. 2019-жылдын 1-февралынан  2019-жылдын 30-апрелине чейин түзүлгөн.
  2. Март
  3. 2018 ж.
  4. 1-жарым жылдык.

Эмгек акынын түзүлгөн минималдуу өлчөмү эмгекке жөндөмдүү элдин жашоо минимумунан Украинада 2,2 эсеге, Казахстанда жана Белорусияда 1,3 жана 1,4 эсеге ашкан; башка КМШ өлкөлөрүндө ал жашоо минимумунун төмөн болгон.

Эмгекке жөндөмдүү эл үчүн жашоо минимумунун көлөмү менен эмгек акынын минималдуу өлчөмүнүн катышы
(улуттук валютадагы бирдик)

 

 

Эмгекке жөндөмдүү эл үчүн жашоо минимумунун көлөмү, улуттук валютада

Эмгек акынын минималдуу өлчөмү (ЭАМӨ)

Жашоо минимумунун көлөмүнө карата пайыздар менен ЭАМӨ  

Азербайжан, манат

191

180

94

Беларусь, белорусия рубли

240 1)

330

138

Казакстан, тенге

  32587 2)

42500

130

Кыргызстан, сом

5219 4)

1750

34

Молдова, лей

2016 3)

1000

50

Россия, рубль

11280 4)

11280

100

Украина, гривен

1921 4)

 

4173

 

217

  1. 2019-жылдын 1-февралынан  2019-жылдын 30-апрелине чейин түзүлгөн.
  2. Март
  3. 2018 ж.
  4. 1-жарым жылдык.

Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттардын көрсөткүчтөрү менен  жашоо минимумунун көлөмүнүн окшоштуруп салыштыруусу калкты социалдык коргоо тармагында мамлекеттик саясатты мүнөздөйт.

ЖМ көлөмү жөнүндө маалымат УСКнын расмий сайтына квартал сайын жайгаштырылат жана мобилдик тиркемеде да жеткиликтүү.

 

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө

 статистикасы башкармалыгы     

 

Үй чарба статистикасы бөлүмү                  

| e-mail:NKerimalieva@stat.kg;  |  тел. + 996 (312) 324691

 

 

|   e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 15.04.2019, 17:33