Кыргызстанда 2019-жылдагы никелешүүлөр менен ажырашуулардын саны

Басылмалардын датасы: 16.06.2020


Калктын жаш курактык курамына ээ болгон Кыргызстанда никелерге туруу жыштыгы жогору.

2019-жылы ЖААК органдарында 49,4 миң никеге туруу, же калтын 1000ине 7,7 никеге туруу катталган. 2015-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 11 пайызга төмөндөгөн. Биринчи никеге тургандардын үлүшү эркектер арасында 90 пайызды түздү, аялдар арасында 94 пайыздан жогору болду.

Никелердин эң көп саны аялдардын арасында да, эркектер арасында да (ЖААК органдарында катталган никелердин жалпы санынын 70 пайызга жакыны) 20-29 жашта катталат. 2019-жылы эркектерде никеге туруудагы орточо жаш курак 28,4 жашты, ал эми аялдарда 24,3 жашты түздү. Ал эми эркектердеги биринчи никеге туруудагы орточо жаш курак 27,2 жашты, аялдарда 23,6 жашты түздү.  

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары Кыргызстандын региондорунун шарттуу рейтингин ээлешкен, анда калктын 1000ине эң көп никеге туруу камтылган. 2019-жылы Баткен облусунда ЖААК органдарында калктын 1000ине 9,2 нике катталган, Ош облусунда - 8,5 жана Жалал - Абад облусунда калктын 1000ине - 8,0 нике катталган. Бардык никелердин эң азы Нарын (калктын 1000ине - 5,9 нике) жана Талас (6,2 нике) облустарында катталган.

Никелешүүлөрдүн жана ажырашуулардын саны

Жылдар

Бардыгы

Калктын 1000ине

1000 никелешүүгө туура келген ажырашуулар

никелешүүлөр

ажырашуулар

никелешүүлөр

ажырашуулар

2015

52 043

8 588

8,7

1,4

165

2016

47 837

9 102

7,9

1,5

190

2017

43 350

9 588

7,0

1,5

221

2018

49 579

10 434

7,8

1,7

210

2019

49 431

10 992

7,7

1,7

222

 

Бардык эле түзүлгөн жубайлык биримдиктер бекем сакталбайт. Алардын дээрлик ар бир бешинчиси ажырашышат: айыл жеринде 1000 никеге 154 ажырашуулар туура келсе, шаар жеринде дээрлик 2 эсеге жогору.

2019-жылы Республикада 11 миңге жакын ажырашуу же калктын 1000ине 1,7 ажырашуу катталган. Ажырашуулардын үчтөн бири, 5 жылдан кем эмес никеде турган жубайларга туура келет. Ажырашуулардын натыйжасында 13,3 миң бала ата-энесинин бирөөсү жок калган.

Көбүнчө жубайлар Бишкек шаарында калктын 1000ине 2,1 ажырашууларды, Ысык-Көл жана Чүй облустарында калктын 1000ине 2,0 ажырашууну түзүшкөн. Ош (калктын 1000ине 1,3 ажырашуу) жана Жалал-Абад облустарынын (калктын 1000ине 1,4 ажырашуу) жашоочулары дээрлик баарынан аз ажырашышкан.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 17.06.2020, 10:58