Туруктуу өнүгүү Максаттары: Кыргыз Республикасы тууралуу 17 кызыктуу фактылар (2018-жылдын маалыматы)

Басылмалардын датасы: 15.09.2020


  • 2018-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6,4 млн адамды түзүп, анын 2,2 млн адамы шаарларда жашап келген.
  • Кыргызстандын аймагында 10 жаратылыш коругу жана 13 мамлекеттик жаратылыш сейил бак бар, алар өлкөнүн жалпы аянтынынн 1,3 млн гектарын же болбосо 7,4% түзөт.
  • Калктын 22% же 1,4 млн адам кедей жашайт.
  • 1000дин ичинен ар бир сегизинчи бала өтө кедейчилик шартында өмүр сүрөт.
  • Калктын 17% пенсия жана жөлөк пул түрүндөгү социалдык колдоо көрсөтүлөт.
  • Курагы 5 жашка чейинки ар бир сегизинчи баланын бою өзүнүн жашына тиешелүү нормадан төмөн.  
  • Республикада 13 миң дарыгер катталып (стоматологдорду эсепке албаганда), же 1000 адамга 2 дарыгер туура келген.
  • Күн сайын кургак учук менен калктын 14 адамы ооруйт.
  • Кан айлануу оорууларынан каза болгондор жалпы өлүмдүн жарымын түзгөн (жалпы каза болгондордун 51%).
  • 7-14 жаштагы балдардын ичинен 42% сабаттуулук жагынан, 49% жакыны  - математика боюнча аксап келет.
  • Курагы 15 жаштан өйдө калктын 92% чөнтөк телефонго ээ.
  • Курагы 15тен 24 жашка чейинки жаштардын 20,5 пайызы иштебейт, окубайт же кесиптик жөндөмгө ээ болбойт.
  • Калктын 70,8% формалдык эмес сектордо алектенет.
  • Бир жылда бир адамга орточо эсеп менен 171,4 кг таштанды туура келет.
  • Курагы 5 жашка чейинки балдардын 99% төрөлгөндүгү тууралуу мамлекеттик органдарга катталган.
  • Зордук менен никеге турууга, никеге туруу максатында ала качуу, жашы жете электер менен никеге туруу жана көп аялдуулук боюнча психологиялык-социалдык жардам көрсөткөн кризистик борборлорго 340 кайрылуу түшкөн.
  • Үй жумушуна аял эркекке караганда 3 эсе көп убакыт сарптайт.

 

Кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынан билсеңиз болот www.stat.kg -> «Статистика» бөлүмү –> Туруктуу өнүгүү Максаттары –> Басылмалар–> Кыргыз Республикасынын “Туруктуу өнүгүү Максаттарынын мониторинги”.

________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail: sdg_nsc@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 15.09.2020, 14:36