Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 30.07.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, июль айына карата абалы боюнча буудайга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Ошол эле учурда, буудайдын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Бишкек (кг үчүн 31,46 сом), Токтогул (кг үчүн 30,96 сом), Исфана (кг үчүн 30,73 сом) жана Өзгөн (кг үчүн 30 сом) шаарларында, ал эми төмөн болуп - Чаек айылында (кг үчүн 18 сом), Каракол (кг үчүн 20,87 сом) жана Кара-Суу (кг үчүн 23,59 сом) шаарларында түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында мурунку айга салыштырмалуу республикадагы буудайга чекене баа 3,4 сомго же 13,1 пайызга жогорулады.

Июль айында буудайга болгон баанын мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Токтогул шаарларында 47,1 пайызга жана Нарын шаарларында 43,0 пайызга катталган.

Кыргыз Республикасынын айрым калктуу конуштарында буудайдын орточо керектөө баалары

   (бир килограмм, сом)

 

 

Июль

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү

(-)

 

 

2021

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү

(-)

 

2020

2021

июнь

июль

Кыргыз Республикасы

20,92

29,15

8,2

25,78

29,15

3,4

Каракол ш.

19,00

20,87

1,9

19,58

20,87

1,3

Балыкчы ш.

20,00

24,84

4,8

21,07

24,84

3,8

Кербен ш.

25,00

27,89

2,9

25,00

27,89

2,9

Токтогул ш.

25,00

30,96

6,0

21,04

30,96

9,9

Джалал- Абад ш.

22,99

28,15

5,2

27,39

28,15

0,8

Чаек айылы

20,00

18,00

-2,0

18,00

18,00

0,0

Нарын ш.

24,91

28,01

3,1

19,59

28,01

8,4

Исфана ш.

22,22

30,73

8,5

28,62

30,73

2,1

Баткен ш.

23,47

25,19

1,7

25,00

25,19

0,2

Кара-Суу ш.

18,45

23,59

5,1

24,72

23,59

-1,1

Ноокат ш.

19,39

26,59

7,2

25,09

26,59

1,5

Өзгөн ш.

22,00

30,00

8,0

30,00

30,00

0,0

Покровка айылы

17,81

23,58

5,8

25,00

23,58

-1,4

Талас ш.

21,61

24,05

2,4

22,44

24,05

1,6

Кара-Балта ш.

19,57

25,00

5,4

21,91

25,00

3,1

Токмок ш.

20,44

28,96

8,5

25,09

28,96

3,9

Бишкек ш.

20,00

31,46

11,5

26,82

31,46

4,6

Ош ш.

25,00

25,00

0,0

25,00

25,00

0,0

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 30.07.2021, 09:26