2021-жылдын ноябрындагы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борборлорунда социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын баалары

Басылмалардын датасы: 23.12.2021


Ыкчам маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын ноябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башка борборлоруна салыштырганда биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.

        2021-жылдын ноябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги  тамак-аш азыктарынын                     орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

5,66

5,72

6,70

4,36

Койдун эти

5,61

6,87

8,19

-

Ак май

4,19

7,99

12,31

7,74

Пастеризацияланган сүт, литр

0,70

0,64

1,24

0,69

Жумуртка, ондук

1,16

1,04

1,27

1,07

Биринчи сорттогу буудай уну

0,47

0,57

0,74

0,50

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,61

0,43

0,97

0,56

Картошка

0,44

0,29

0,62

0,53

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унуна орточо керектөө баалар.

(-) - Өкүл-товардын жоктугу.

2021-жылдын ноябрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен жумурткага болгон максималдуу орточо чекене баа (ондук үчүн 1,27 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (ондук үчүн 1,04 АКШ доллары) - Нур-Султан шаарында белгиленди. 2021-жылдын ноябрында кой этинин эң төмөн баасы (1 килограмм үчүн 5,61 АКШ доллары) Бишкек шаарында, ал эми уй этине (1 килограмм үчүн 4,36 АКШ доллары) Минск шаарында катталды.

2021-жылдын ноябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарына максималдуу жана минималдуу орточо баалар

(килограмм үчүн АКШ доллары)

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында 34,1 пайызга, ал эми уй этине Минск шаарында (23пайызга), биринчи сорттогу ундан жасалган нанга - Нур-Султан (29,5 пайызга) жана (8,2 пайызга) Минск шаарларында байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. 2021-жылдын  ноябрында Бишкек шаарында жумурткага болгон орточо керектөө баалар Нур-Султан (10,3 пайызга) жана Минск (7,8 пайызга), пастеризацияланган сүткө - Нур-Султан (8,6 пайызга) жана Минск (1,4 пайызга) шаарларында баалардын деңгээлинен жогору болду.

2021-жылдын ноябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларында

орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын

катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. - 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

101,1

118,4

77,0

Койдун эти

100

122,5

146,0

-

Ак май

100

190,7

293,8

184,7

Пастеризацияланган сүт, литр

100

91,4

177,1

98,6

Жумуртка, ондук

100

89,7

109,5

92,2

Биринчи сорттогу буудай уну

100

121,3

157,4

106,4

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

70,5

159,0

91,8

Картошка

100

65,9

140,9

120,5

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

294,1

794,8

1 345,3

802,8

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

52,9

136,3

203,4

190,7

Койдун эти

53,4

113,6

166,5

-

Ак май

71,6

97,6

110,8

107,6

Пастеризацияланган сүт, литр

428,4

1212,9

1102,4

1204,4

Жумуртка, ондук

258,9

748,6

1075,8

774,3

Биринчи сорттогу буудай уну

635,0

1370,0

1832,1

1661,0

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

490,2

1829,1

1411,9

1492,5

Картошка

684,6

2685,6

2201,4

1560,3

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2021-ж сентябрындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2021-ж. августундагы - Москва ш. боюнча,
2021-ж. 3-кварталында - Нур-Султан ш. боюнча орточо айлык эмгек акы.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2021-жылдын ноябрындагы Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо эмгек акыга 60 килограмм, ал эми Москвада – 200 килограмм, же 4 эсеге көп уй этин сатып алууга болот. Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 2 тоннага жакын, ал эми Бишкек шаарында - 3,7 эсеге аз (490 килограмм) нан  сатып алууга болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү жолу менен аныкталат.

__________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү  |e-mail: ceny@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

2021-жылдын 23-декабры


Акыркы жаңылоо: 23.12.2021, 15:10