Санариптештирүү: Кыргыз Республикасындагы байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

Басылмалардын датасы: 17.09.2020


 

Санариптештирүү: Кыргыз Республикасындагы байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

 

Байланыш - бул ар кандай каражаттарды, анын ичинде жаңы технологияларды колдонуунун негизинде маалыматты кабыл алууну, берүүнү жана жайылтууну камсыз кыла турган экономика тармагы болуп саналат.

Республиканын ИДПдагы байланыштын үлүшү, алдын-ала маалыматтар боюнча, 2019-жылы 2,6 пайызды түздү, ал эми тармакта иштеген ишканалар менен уюмдардын кызматкерлеринин саны - 7,6 миң адамды түздү. Байланыш операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелеринин көлөмү 2019-жылы 2018-жылдын деңгээлинде калуу менен 23 миллиарддан ашык сомду түздү.

Кирешелердин көлөмүндөгү басымдуу үлүштү (51 пайыздан ашык) уюлдук байланыш кызматтары ээлейт, ал эми Интернет түйүндөрүнө жетүү кызматтарына 36 пайыздан ашыгы туура келди.

 

2019-жылда байланыштын түрлөрү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

           (жыйынтыкка карата пайыз менен)

Уюлдук байланыш. Республиканын уюлдук байланыш рыногунда үч уюлдук оператор ишмердик жүргүзүшөт: "Скай Мобайл" ЖЧК, "Альфа Телеком" ЖАК жана "Нуртелеком" ЖЧК, алардын үлүшүнө байланыш кызматтарынын жалпы көлөмүнүн 70 пайыздан ашыгы туура келет. 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнөн  түшкөн кирешелер 2018-жылга салыштырмалуу 13 пайызга төмөндөө менен 12 миллиардга жакын сомду түздү, ал эми ушул эле мезгидин ичинде Интернет берүү боюнча кызмат көрсөтүү, тескерисинче, 23 төн ашык пайызга көбөйдү жана  4,5 миллиард сом өлчөмүндө түзүлдү.

Уюлдук байланыш кызматтарынын көлөмүнүн төмөндөшү WhatsApp, Skype, Viber жана башка мессенджер-тиркемелерин колдонуунун жайылышы, ошондой эле үн байланыш кызматтарына жана үн трафигин колдонууга баалардын төмөндөшү менен шартталды.

2019-жылдын аягына карата уюлдук байланыштын абоненттик терминалдар тармактарына 7,7 миллион активдүү абонент кошулган, ал эми калктын 1000 адамына 1,2 миң абоненттик терминал туура келген.

Республиканын аймагында уюлдук байланыштын беш коммуникациялык борбору иштеди. Ошол эле учурда, базалык байланыш станцияларынын саны 2015-жылы 3,7ден 2019-жылы 20,8 миңге чейин же 5,5 эсеге көбөйгөн.

Интернет-кызматтары. Интернет аркылуу көрсөтүлүүчү байланыш кызматтарын көрсөтүү көлөмдөрүнүн туруктуу көбөйүшү байкалууда. Эгерде 2015-жылы байланыш кызматтарынын жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшү 10,5 пайызды түзгөн болсо, 2019-жылы ал 36,2 пайызга жеткен. Ошол эле учурда, Интернет тармактарынын абоненттеринин саны 5,8 млн. түздү жана 2015-жылга салыштырмалуу 1,2 эсеге өстү.

Интернет каналдарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2019-жылы 8 миллиард сомдон ашты жана 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге өстү.

Телерадиоберүү. Телекөрсөтүү кызматтары республиканын бардык аймактарында мамлекеттик, ошондой эле жеке менчик телерадиокомпаниялар тарабынан көрсөтүлөт. 2019-жылдын аягында 130 канал телерадиоберүү кызматтарын көрсөтүштү.

2019-жылы телекөрсөтүү жана радиоуктуруу субъекттери тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге кобөйүү менен миллиарддан ашык сомду түздү.

Муну менен бирге, 2019-жылы Интернет-Телекөрсөтүү (IPTV) абоненттеринин саны 2015-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйүп, 30 миңден ашты, ал эми санариптик берүүнүн абоненттеринин саны 2,7 эсеге өстү жана 19 миңден ашыгын түздү.

Ушул эле убакта, көп каналдуу эфир-кабелдик телекөрсөтүү колдонуучуларынын саны 2015-жылы - 26 миңден 2019-жылы - 10 миңге чейин, же болбосо 60 пайыздан ашык кыскарган. Ушул эле мезгилде спутниктик берүүлөрдүн абоненттеринин саны 5,8 миңден 3,7 миңге чейин, же дээрлик үч эсеге кыскарган.

 

 

____________________________________________________________________

Соода статистикасы , МКТ жана туризм башкармалыгы|e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324650, 664166

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 17.09.2020, 15:24