Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 10.05.2019


Эгемендикти алгандан бери Кыргыз Республикасында эки деңгээлдүү жеке банк системасы түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана жаңы коммерциялык банктар түзүлүп, алардын ишмердигин жөнгө салган ченемдик-укуктук базанын негиздери иштелип чыкты.

1993-жылдын 10-майында жеке улуттук валютанын - кыргыз сомунун ишке киргизилиши бул мезгилдеги эң маанилүү окуя болду. Кыргызстан мурунку Советтер Союзунун мамлекеттеринин ичинен жеке улуттук валютасын бекиткен биринчи мамлекеттерден болуп калды. Дал ушул дата Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун датасы катары тандалып алынган.

Улуттук банк системасынын түзүлгөнү менен катар, банктардын ишмердигине статистикалык байкоо жүргүзүү системасы да түзүлгөн. Банктардын ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндөгү статистикалык маалыматтар Улутстатком тарабынан кварталдык негизде түзүлөт.

Азыркы убакта республикада Кыргыз Республиканын Улуттук банкы жана 25 коммерциялык банк иш жүргүзөт, алардын 18и чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Ал эми республиканын региондорунда алардын 336 филиалы иш алып барат. Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 16 миңге жакын адамды түзөт, ал эми банктардын кардарларынын эсебинин саны 3,5 миллионго жетти. 2018-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы 36,5 миң сомду түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 4,8 пайызга көбөйдү.

2018-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 10,4 пайызга көбөйүп, 27 млрд. сомдон ашты, ал эми чыгымдары бул мезгил ичинде 24 млрд. сомго жакын түзүлдү, бул 7,4 пайызга көп.

2018-жылдын жыйынтыгы менен 21 банк 3,8 млрд. сом суммасында пайда алды, ал эми 4 банк чыгым (0,5 млрд. сом) тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 3 млрд. сомдон ашык пайданы түздү, бул 2017-жылга караганда 38 пайызга көп.

2018-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 13 пайызга көбөйүп, 220 млрд. сомду түздү.

Коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели анын 2017-жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйүп, 2018-жылдын аягына карата 127,9 млрд. сомду түздү.

2018-жылы жеке жактардын депозиттерине 10 млрд. сомго жакын каражаттар тартылды, бул алардын 2017-жылдын көлөмүнөн 8 пайызга аз. Калктын өткөн жылдагы салымдарынын калдыктарынын суммасы 15 пайызга көбөйүп, жылдын аягына карата 75,5 млрд. сомду же коммерциялык банктардын суммардык активдеринин 34 пайызынан көбүрөөгүн түздү.

___________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                      |тел. + 996 (312)  664209

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.05.2019, 09:02