Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 10.05.2021


Кыргызстанда жыл сайын 10-майда банк системасынын кызматкерлери өзүнүн кесиптик майрамын белгилешет.

Азыркы убакта республиканын банк системасында Кыргыз Республиканын Улуттук банкы жана 23 коммерциялык банк, алардын 16сы - чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Республиканын региондорунда алардын 300 ашык филиалы иштейт. Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 16,5 миңден ашык адамды түзөт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны - 4 миллиондон ашыкты түзөт. 2020-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлинде сакталуу менен 38 миң сомду түздү.

2020-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 9,2%га көбөйүп, 32,6 млрд. сомду түздү, ал эми чыгымдары ушул эле мезгил ичинде 30 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 12,8%га көп.

2020-жылдын жыйынтыктары боюнча 22 банк пайда алышты, ал эми бир банк чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 2,6 млрд. сом пайданы түздү, бул 2019-жылга караганда 20,3%га аз.

2020-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 17%га көбөйүп, 288,7 млрд. сомду түздү.

Коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 2019-жылдагы анын көлөмүнө салыштырмалуу 10,5%га көбөйдү жана 2020-жылдын аягына карата 162,8 млрд. сомду түздү. Кредиттөөнүн негизги багыттары болуп соода чөйрөсү, айыл чарба, ипотека жана керектөө муктаждыктары саналды.

2020-жылы жеке жактардын депозиттерине 13,8 млрд. сом тартылды, бул 2019-жылдагы алардын көлөмүнөн 2%га көп. Калктын өткөн жылдагы салымдарынын калдыктарынын суммасы 15,6%га көбөйдү жана жылдын аягына карата 102,7 млрд. сомду же коммерциялык банктардын суммардык активдеринин 35%нан көбүн түздү.

___________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;          |тел. + 996 (312)  626073,625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.05.2021, 13:46