Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 07.06.2019


Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансылык-экономикалык чөйрөнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика министрликтеринин, ишканалардын, бухгалтердик жана аудитордук компаниялардын финансылык-экономикалык бөлүмдөрүнүн, финансылык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин, финансылык талдоочулардын, ошондой эле бул кесиптин адистерин даярдоочу билим берүү жана илим чөйрөсүнүн кызматкерлеринин майрамы болуп саналат. Аталган майрам экономиканын бардык тармагындагы финансылык жана экономикалык кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.   

Банк секторун жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүн кошпогондо, финансылык ортомчулук кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм ишмердик жүргүзүшөт. Аларда иштеген кызматкерлердин орточо тизмелик саны 2019-жылдын январь-мартында 4,5 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдарында катталды, ошону менен бирге 2018-жылдын январь-мартына салыштырганда алардын төрттөн бирге көбүрөөк азайышы белгиленди.

 

Таблица: Январь-марттагы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы жана тизмелик саны*

 

2018-жыл

2019-жыл

 

Кызматкер-лердин тизмелик саны, адам

Орточо айлык эмгек акы, сом

Кызматкерлердин тизмелик саны, адам

Орточо айлык эмгек акы, сом

 

Кредиттерди берүү (банк чөйрөсүнүн тышкаркы уюмдар тарабынан)

3 998

34 084

2 990

34 515

Башка топтошууларга киргизилбеген башка финансылык ортомчулук

232

32 988

257

41 832

Камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу жана милдеттүү социалдык камсыздоодон сырткары пенсиялык камсыздоо

228

34 855

235

33 622

Финансы рыногун башкаруу

23

23 184

23

23 469

Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү башка көмөкчү ишмердик

107

8 929

109

9 304

Бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишмердик

791

19 869

793

19 527

             

* Чакан ишканаларды жана банктарды кошпогондо.

 

2019-жылдын январь-мартында финансылык ортомчулук уюмдары тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 1,7 млрд. сомду түздү, анын негизги үлүшү банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдары (суммардык көлөмдүн 92 пайызы) жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар (5 пайыз) тарабынан түзүлдү.

Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү үстүбүздөгү жылдын I кварталын 754,5 млн. сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 17 пайызы чыгыша тартты (37,1 млн. сом). 2019-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 717,4 млн. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.

Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ) жана орто кесиптик окуу жайларында (ОКОЖ) окуган студенттердин арасындагы эң белгилүү адистик экономист адистиги болуп саналат.

 

Таблица: Студенттерди адистиктер боюнча бөлүштүрүү

( окуу жылынын башына карата, адам)

 

2017/2018

2018/2019

 

ЖКОЖ

Экономика

24 088

23 172

Менеджмент

6 922

6 290

 

ОКОЖ

Экономика жана башкаруу

223

141

Экономика, бухгалтердик эсеп жана контроль

7 763

7 097

Менеджмент

1 227

1 222

Финансы

4 036

4 037

Банк иши

1 782

1 218

Камсыздандыруу иши

69

60

Маркетинг

401

469

Коммерция

253

259

 

___________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү              |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;   |тел. + 996 (312)  664209

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу

 статистикасы бөлүмү                              |e-mail: jailobaeva@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  324724

Социалдык статистикасы бөлүмү           |e-mail: j.rahmava@stat.kg;             |тел. + 996 (312)   324652

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 07.06.2019, 12:31