Цифралар жана фактылар: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын күнү

Басылмалардын датасы: 26.10.2019


Октябрь айынын акыркы жекшемби күнү Кыргыз Республикасында жергиликтүү коомчулуктар күнү болуп жыл сайын белгиленет, ага карата Улутстатком ошол чөйрөнүн ишмердигин мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн кыскача обзорун даярдады.

Азыркы учурда республикада 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын ичинен  республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар, райондук маанидеги 17 шаар жана 453 айыл  аймактары бар. Айыл  аймактарынын көпчүлүк саны Чүй облусунда (23%), ал эми эң азы – Баткен облусунда (7%) жайгашкан.

 Облустар боюнча Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын саны

 

Айыл аймакатырынын жалпы санынын 79 же 17 пайызы өзүн-өзү камсыздоочу, ал эми калган  бөлүгү – дотациялык болуп саналат.

 Өздөрүн камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын түзүмү

 

2019-жылдын 1-январына карата абалы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегендердин жалпы санынын ичинен муниципалдык кызматчылардын саны 8,4 миң адамды же 85%га жакынын түздү, алардын ичинен 2,9 миңи аялдар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдуу ишмердигин 484 жергиликтүү кеңеши жүргүзөт, алардын ичинен 8 692 мандаттары бар.

Жергиликтүү кеңештин муниципалдык кызматкерлеринин жана депутаттарынын жынысы боюнча саны


 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана  этностор аралык мамилелери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары боюнча 453 айыл өкмөтүнүн ичинен 137 айыл өкмөтү Интернетке туташкан эмес.


Акыркы жаңылоо: 29.10.2019, 13:54