Цифралар жана фактылар. Кыргыз Республикасында ишкерлер күнү

Басылмалардын датасы: 19.09.2019


Жыл сайын 20-сентябрда республикада ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Бул күн КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-октябрдагы токтому менен аныкталган.

2018-жылы республикада 15 миңге жакын ишканалар иштеп, алардын 93 пайызы чакан ишканаларга туура келсе, 5 пайызы орто ишканаларга таандык. Иштеп жаткан ишканалардын көбү (26 пайызга жакыны) соода-сатыкта, 15 пайызга жакыны өнөр жайында жана 12 пайызы курулуш тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.

2019-жылдын 1-январына карата 402 миңге жакын жеке ишкерлер эмгектенишкен. Ал эми чакан жана орто ишканаларда 2018-жылы иштегендердин саны 91 миң адамды, же болбосо экономикада тармагында иштеп жаткандардын жалпы санынын 4 пайызы болгон.

2018-жылы иштеп жаткан ишканалардын саны
(жыйынтыгына пайыз менен)

                                                                

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында чакан жана орто ишкерликтин субьектилери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү ИДПга карата 33 пайызды түздү. Ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы менен анын көлөмү 231 млрд. сом же болбосо ИДПнын 41,5 пайызын түзгөн.

Мындай субьектилердин өнөр жайына келе турган болсок, 2018-жылы (ун менен нанды өндүрүүдөгү формалдуу эмес ишмердикти эске алганда) өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 57 млрд. сом болгон. Чакан жана орто ишкерликтин субьектилери өндүргөн өнөр жай продукциясынын энчисине жалпы көлөмдүн 22 пайызы туура келет.

2018-жылы чакан жана орто ишканалардын энчисине жалпы өндүрүлгөн ундун 42 пайызы, минералдык суулардын 29 пайызы, өсүмдүк майынын 16 пайызы, эмеректердин 45 пайызы, ошондой эле пластмасса идиштер менен бөтөлкөлөрдүн жалпы көлөмү туура келген.

Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнө карата чакан жана орто ишканалардын эң көп энчиси Нарын облусуна таандык (71 пайыз), эң азы (5 пайызга жакын) Ысык-Көл облусуна туура келет.

Чакан жана орто ишканаларда эмгектенгендердин орточо маянасы туруктуу көбөйүп келе жатат, 2018-жылы ал 12 миң сомду түздү.

2018-жылы чакан жана орто ишканалар өндүргөн өнөр жай продукциясынын көлөмү аймактар боюнча
(жалпы өнөр жай продукциясынын көлөмү аймактардагы пайызы боюнча)

 


Акыркы жаңылоо: 20.09.2019, 08:45