Цифралар жана фактылар: Маданият кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 02.11.2019


Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен маданият кызматкерлеринин күнү бекитилген, анын максаты кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурастарын андан ары сактоо жана пропагандалоо болуп саналат.

1918-жылы Караколдо элдик театр түзүлгөн, анын театр ышкыбоздор труппасы,  негизинен жергиликтүү мугалимдерден турган. 1920-жылы Пишпек, Каракол жана Нарын уездеринде ышкыбоздук театрлар гана иштеген. Биринчи кесиптик театр 1926-жылы түзүлгөн, ал эми азыркы учурда республиканын аймагында 20 кесиптик театр иштейт.

Театрлардын жалпы санынын ичинен  Бишкек шаарында - 8, Жалал-Абад облусунда -3, Ош шаарында - 8, Нарын облусунда - 2 жана Баткен жана Ысык-Көл облустарында бирден театр жайгашкан. 2018-жылы театралдык жамааттар тарабынан 1 586 спектакль жана оюн-зоок көрсөтүлдү. Абдан популярдуу болуп Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Академиялык орус драма театры, Бишкек жана Ош шаарларындагы куурчак театрлары, ошондой эле Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры саналат.

2018-жылы концерттик жамааттар жана аткаруучулар тарабынан 196 концерт берилген. Элдер кыйла көп баруучу концерттер Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук филармониясында өткөрүлөт.

2018-жылы республиканын аймагында 67 музейлер иштеген, алар тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлери тарабынан көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө 320 миңден ашык көргөзмө экспонаттары сунушталат.

Республикада кинонун өнүгүүсүнө токтолсок, революцияга чейин Кыргызстанда Пишпек шаарында бир гана кино орнотмосу болгон, ал шаардын борборунда - Эмен паркында курулган. Азыркы учурда республикада фильмдерди көрсөтүү үчүн жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап кинозалдар бар. Республиканын аймагында 45 кинотеатр иштейт, аларда 2018-жылы 240 миң сеанс көрсөтүлгөн жана аларга 189 миң көрүүчүлөр келген. Кинотеатрлардын эң көп саны Бишкек шаарына (11) жана Чүй облусуна (8) туура келет.

2018-жылдын аягына карата республикада 6 концерттик уюм, анын ичинде 3 филармония иштеген.

Мындан тышкары, 2018-жылы кыргызстандыктардын жана республиканын конокторунун бош убактысынын маданий эс алуусун 39 маданият жана эс алуу парктары камсыз кылды, алардын 10 Бишкек шаарында жайгашкан.

Маданият чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны 9 миңден ашык адамды түздү, алардын 41 пайызы аялдар.

 ____________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү  e-mail: j.rahmanova@stat.kg e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалымат тармактарында, кагаз, электрондук жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучулар маалыматтардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамынын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 05.11.2019, 11:01