Цифралар жана фактылар: Улгайган адамдардын эл аралык күнү

Басылмалардын датасы: 30.09.2019


Улгайган адамдардын эл аралык күнү жылыга 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Улгайган адамдардын күнүн өткөрүүнүн максаты – дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн алардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына буруп, улгайып калган адамдардын коомго зарыл сезимин колдоо, калктын демографиялык картайып бара жаткандыгы боюнча коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу  көп сандагы адамдардын пенсия курагына өткөндүгүнүн эсебинен жылыга көбөйүп бара жатат. Акыркы беш жыл ичинде эле ушул курактагылардын саны республика боюнча жалпысынан 91 миңге, же 22 пайызга көбөйдү.

2019-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу 500 миңге жакын адам же өлкөнүн ар бир сегизинчи жашоочусу болгон. Эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу эркектердин (63 жаш жана андан улуулар) саны 150 миңди же эркектердин 4,7 пайызын түзсө, аялдардын саны (58 жаштагылар жана андан улуулар) 349 миңге жакын адамды же жалпы аялдардын 10,8 пайызын түзөт. Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 200 миң адамга же 2,3 эсе көп.

Ушул жагдайдан алганда эмгекке жарамдуу курактан улуу жашоочулардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, себеби алардын өмүрүнүн узактыгы эркектердикине салыштырмалуу жогору. 2018-жылы эркектердин күтүлүп жаткан өмүрүнүн узактыгы 67,4 жаш болсо, аялдардыкы 75,6 жашты түзгөн. Өмүрдүн узактыгы боюнча ажырым эркек менен аялдардын өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктарга байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда болжол менен бир жарым эсе жогору. Пенсиялык куракка чейин жашоо ыктымалдыгы аялдарда 90 пайызды түзсө, эркектердики 70 пайызды гана түзөт. Бул жерден аялдардын пенсияга чыга турган курагы беш жылга эрте келерин эске алыш керек (эркектердики – 63 жаш, аялдардыкы – 58 жаш). Азыркы 60 жаштагы аялдар орто эсеп дагы 20 жылдай, ал эми эркектер – 14 жыл жашоо ыктымалдыгы бар.

БУУнун жаш курак боюнча классификациясына караганда, эгер жалпы калктын эсебинде 65 жаштагылар жана андан улуулардын саны 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгер 4төн 7 пайызга чейинки интервалда болсо, калк улгаюу босогосунда, эгер 7 пайыздан жогору болсо анда улгайган калк деп саналат.

Кыргызстандын калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындоодо: 2019-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 301 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,7 пайызын түзүп турган. Ушуга карабастан КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн (2018-жылы бул көрсөткүчтөр Азербайжанда 6,8 пайыз, Казактанда 7,3 пайыз, Арменияда 11,9 пайыз, Россияда 14,6 пайыз, Белоруссияда 15,2 пайыз) болгон.

БУУнун божомолдоосу боюнча Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылдарда пайда болот, ошол мезгилде 65 жаштагы жана андан улуулардын саны 7 пайызга жакындап барат.

Кыргыз Республикасында 2019-жылы туруктуу жашаган, жашы 65теги 
жана андан улуу адамдардын жынысы боюнча саны

(жыл башындагы баалоо, миң адамга)

КР Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелерде 2018-жылдын аягында каттоодо 694,8 миңге жакын пенсионер турса, алардын ичинен 510,8 миң адам же 74 пайызга жакыны жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп эсептелишкен.

2018-жылы пенсиянын орточо көлөмү 5 760 сом болуп, пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 1,3 эсе жогору болгон (4282,99 сом).

Социалдык фонддун чыгашасынын көлөмү боюнча алганда пенсия менен камсыздоонун үлүшү 2018-жылы 85 пайызды түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 1,5 пайыздык пунктка көбөйгөн.

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 30.09.2019, 16:44