Энелер күнү: Цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 18.05.2018


 

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген  ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде  Энелер күнү белгиленет. Кыска мөөнөткө карабай  бул майрам өзүнүн салтына ээ болууга жетишти. Бул күн алдында бала бакчаларда балдар өз кол чеберчиликтери менен открыткаларды жана белектерди, майрамдык концерттерди даярдашат.

  Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Телевиденияда бул майрамга арналган  көрсөтүүлөр чыгат.

Энелер күнү өзү  үй бүлөнүн очогун сактаган – энелерге баш ийүүнү  жана сый урмат  көрсөтүүнү  элестетет.

  Республикада 2018-жылдын 1-январына карата аялдардын саны 155 миң адамды же калктын жалпы санынын  50,4  пайызын түздү. Муну менен  шаар аймактарында жашаган аялдардын саны  1 113 миң (калктын жалпы санынын 17,8 пайызын), айыл аймактарында - 2 042 миңди  (32,6 пайыз) түздү.

2017-жылы  республикада  154 миңге жакын 15-55 жаш курактагы айымдар эне болушту.  Биринчи баласын  төрөгөн энелердин орточо жашы  23 жашты  түздү.

Биринчи баласын төрөгөн эң жаш энелер Баткен, Ош, Жалал – Абад жана Талас облустарында, ошондой эле Ош шаарында  22,3-22,5 жашты түздү.

29 пайыздан ашык аялдар биринчи жолу, ал эми 28 пайызы же  ар бир төртүнчү аял экинчи жолу эне болушту. Төрт же андан көп балалуу  энелер 20 пайызды  же ар бир бешинчи аялды   түздү.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2017-жылы өткөн жылга салыштыруу боюнча  эгиз төрөгөндөдүн саны кобөйдү,бирок, ушул убакта, үчтү төрөгөндөрдүн саны азайды:

 

Эгиздердин төрөлүшү

2016                                                       2017

1 378 аял   1 411  аял   

 

 

Үч эгиздин төрөлүшү

 

2016                                                       2017

 14 аял            8 аял   

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 18.05.2018, 15:44