Энелер күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 14.05.2021


2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген  ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде  Энелер күнү белгиленет. Кыска мөөнөткө карабай  бул майрам өзүнүн салтына ээ болууга жетишти. Бул күн алдында бала бакчаларда балдар өз кол чеберчиликтери менен открыткаларды жана белектерди, майрамдык концерттерди даярдашат.  Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Телевиденияда бул майрамга арналган  көрсөтүүлөр чыгат.

Энелер күнү өзү  үй бүлөнүн очогун сактаган – энелерге баш ийүүнү  жана сый урмат  көрсөтүүнү  элестетет.

2021-жылдын 1-январына карата республикада 3 миллион 343 миң аял же жалпы калктын 50,4% түзгөн. Ошол эле учурда, шаардагы калктуу конуштарда 1 миллион 195 миң аял (алардын жалпы санынын болжол менен 36%), айыл жеринде - 2 миллион 148 миң (64% дан ашык) жашаган.

2020-жылы республиканын 15-55 жаштагы 158 миңге жакын аялдары эне болушту. Эненин биринчи баласы төрөлгөндө орточо жашы болжол менен 23 жашты түзгөн. Эң жаш энелер, алардын биринчи баласы төрөлгөндө, 21-22 жаштагы, Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.

Аялдардын 27% га жакыны биринчи жолу, ал эми 35% га жакыны, же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушту. 13% га жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болуп калды.

2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Ошентип, 2020-жылы 1436 эгиз төрөлсө (2019-жылы - 1575) жана 14 үч эм (2019-жылы - 26) төрөлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча, төрөттүн аралыгы эки жылга чейинки төрөлгөн балдардын үлүшү 32% дан жогору, үч жыл жана жогору аралыкта 42 % болгон.

  2000-жылдардан баштап, Кыргызстанда төрөлүү деңгээлинин өсүшү байкалган. 2019-жылы 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3,3 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңейтилген репродукциясын камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

 

Демографиялык статистика бөлүмү          e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 14.05.2021, 16:58