Медицина кызматкерлеринин күнү: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 05.07.2021


Жыл сайын, июль айынын биринчи жекшембисинде, республиканын медициналык уюмдарынын кызматкерлери Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

2020-жылы калкка медициналык жардамды 185 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 103 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана 1 057 фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 49 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 543 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2020-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 14 миңден ашык дарыгерлер жана 35 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 21 дарыгер жана 53 медайым туура келген.

2020-жылы дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын саны

(калктын 10 000ине) 

2020-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (4,0 миң адам) жана хирургиялык (2,4 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң), акушер-гинекологдор (1,0 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (500 дөн ашык адам) болгон. 

______________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52, 66 40 42.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 05.07.2021, 14:24