23-февраль - Кыргыз Республикасынын Мекенди коргоо күнү: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 22.02.2019


23-февраль күнү Кыргыз Республикасында Мекенди коргоо Күнү болуп белгиленет.   

Республиканын калкынын жалпы санынан эркектердин салыштырмалуу салмагы -  49,6% түзүп, көп мезгилден бери өзгөрүүсүз калып келүүдө.  Республикада 2018-жылдын башында эркектердин саны 3,1 млн. ашык  адамды түзгөн.

Республиканын эркек калкынын үчтөн экиси – айыл тургундары. Ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт.   

Иш-аракеттер тармагынын бир да чөйрөсү эркекетин катышуусусуз жүрбөйт. Эмгекке жөндөмдүү жаштагы эркектердин жумуш менен камсыздалган деңгээли абдан жогору, ал 76% түзөт. Иштеген эркектердин орточо жашы 37 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы эркектин жашы  25-29 жаш курагындагылар болуп эсептелет. Курулуш, транспорттук камсыздоо (жабдуу) жана жүктөрдү сактоо, электрэнергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба, пайдалуу кен казуу сыяктуу иш-аракеттердин ушул түрлөрү артыкча «эркектердин»  жумушу болуп саналат.    

2017-жылы никеге турган эркектердин саны 43 миңди түздү. Эркектер 20-29 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет. Ушул эле учурда биринчи жолу үй-бүлө түзгөндөрдүн саны 39 миң эркекти түзгөн. Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта болгон, ал эми никеге турган ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.

2017-жылы никеге биринчи жолу турган эркектердин орточо жашы 27,1 жашты, ал эми экинчи жолу никеге тургандар -  40,2 жашты түзгөн. 

 


Акыркы жаңылоо: 22.02.2019, 14:18