Билим күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 30.08.2018


1-сентябр – жаңы окуу жылынын башталуусунун майрамы, барынан  мурда, окуучулардын, окугандардын, студенттердин, мугалимдердин жана сабак берүүчүлөрдүн майрамы. Төмөндө 2017/2018-окуу жылынын башталуусуна маалыматтарды келтирдик.

   Республикалык мамлекеттик бюджеттин чыгымдарында, билим берүүгө багытталган чыгымдарынын үлүшү өткөн беш жылда орточо эсеп  менен 21 ден 24 пайызга чейин түздү.

   Маанилүү фактор болуп балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки окутуу болуп саналат. Акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана мектепке чейинки программаларды өнүктүрүү иновацияларын ишке киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, алардын саны туруктуу көбөйдү. Республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 2013-ж. менен салыштырганда 1,4 эсеге көбөйдү жана 2017-ж. 187 миңден ашык адамды түзгөн.

                Ошону менен бирге, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарына барган, 7 жашка чейинки курактагы балдардын санынын туруктуу көбөйүшүнө карабастан, алардын үлүшү мурдагыдай эле төмөн бойдон калууда жана азыркы учурда республика боюнча орточо 23,5 пайызды түзөт.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды тартуу

(тийиштүү курактык тобуна 1-6 жаш, пайыз менен)

                 

Республикадагы билим берүү системасынын негизги звеносу болуп мектептик билим берүү саналат, ал өзүнө үч баскычты камтыйт: башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто (толук) жалпы билим берүү.

Республикада 2017/2018-окуу жылынын башында 2262 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдары иштейт. Акыркы беш жыл ичинде алардагы окуучулардын саны 19 пайызга көбөйгөн жана 1222,7 миң адамды түздү, алардын арасында 602,4 миңи кыздар жана 620,2 миңи балдар.

2017/2018-окуу жылында 141 миң окуучу биринчи класска кабыл алынган, бул 2013/2014 окуу жылына салыштырганда 24 пайыздан көбүрөөк.

Сабактар мамлекеттик уюмдарда мурдагыдай эле бир нече кезмет менен жүргүзүлөт, анын үстүнө анда сабактар эки кезметте жүргүзүлүүчү жалпы билим берүүчү уюмдары алардын арасында басымдуулук кылат. Окуучулардын саны 2017-ж., биринчи кезметте окугандар жалпы окуучулардын санынан 60 пайызды, ал эми экинчи кезметте - 37 ашык пайызды түзгөн.

2017-ж. республикада 99 башталгыч кесиптик билим берүү уюму иштеген, аларда окугандар 32 миңден ашык окуучу. Жыл сайын мындай уюмдарда 8 миңден ашык окуучулар кесиптик билим алуу менен бирге, толук орто билими тууралуу аттестат алышат. Бүтүрүүчүлөргө башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары, кесиби боюнча квалификация ыйгарылат. Көбүнчө бул, электромонтажниктер, автомеханиктер, электр газ менен ширетүүчүлөр, кийим тигүүчүлөр, айдоочулар, слесарлар, жыгач усталар, ашпозчулар, бухгалтерлер, улуттук буюмдарды даярдоочулар ж. б., ушуларга карата суроо-талап акыркы жылдары көбөйдү. Жалпысынан 2017-ж. кесиптик лицейлерди (окуу жайларды) окуп бүтүргөн квалификациялуу жумушчулардын саны, 2013-ж. салыштырмалуу 8 пайызга көбөйгөн.

2017-ж. республиканын аймагында 145 орто кесиптик билим берүү уюмдары бар, мында 92 миңден ашык студенттер окушат (92 миң ашык- 2013-ж.).

Студенттердин саны, билим берүү уюмдарынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү

(окуу жылынын башына карата)

 


Акыркы жаңылоо: 30.08.2018, 12:31