2020-жылда Кыргыз Республикасындагы лизингдик компаниялардын ишмердиги

Басылмалардын датасы: 23.03.2021


2020-жылы лизинг ишмердигин* 14 компания жүргүздү, алар менен 560тан ашык келишим түзүлдү. Ошол эле учурда, бардык лизингдик келишимдер финансылык лизингдин шарттарында түзүлдү.

Ушундай келишимдердин жалпы наркы 2020-жылы 1,3 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, же 2019-жылга караганда 12,6 пайызга аз болду.

Муну менен бирге, финансылык лизинг түзүмүндө, анда имараттар, инженердик курулуштар (кыймылсыз мүлк) лизинг предмети болуп чыккан келишимдердин наркынын үлүшү 2019-жылы 11,4 пайыздан 2020-жылы 2,4 пайызга чейин кыскарды, ал эми ошол эле учурда транспорт каражаттарына (1,1 пайызга), ошондой эле айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге (2,2 пайызга) лизинг келишимдеринин наркынын үлүшү өстү.

Муну менен бирге, финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы (0,5 млрд. сом же 39 пайыз), мурдагыдай эле айыл чарба техникасын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Лизинг предметтери боюнча финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн келишимдердин наркы

(финансылык лизинг келишимдеринин жалпы наркына карата пайыз менен)

*Лизинг ишмердиги - лизинг келишими боюнча ижарага берүүчүнүн (юридикалык жактар) менчик жана/же карыздык каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.

 

 

_____________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.03.2021, 16:09