2020-жылы чакан жана орто ишкердик субъектилердин ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү менен мүнөздөлдү

Басылмалардын датасы: 05.07.2021


Кыргыз Республикасынын аймактарында 2020-жылы 17 миң ишкана иштеди, алардын ичинен 96% чакан ишканалар. Муну менен бирге, иштеп жаткан чакан ишканалардын 67% өз ишмердүүлүгүн Бишкек ш. жүргүзүшкөн.

2021-жылдын 1-январына карата республикада статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча 419 миңге жакын жеке ишкерлер ишмердигин жүргүзүштү.

2020-жылы чакан жана орто ишканаларда 101 миңге жакын адам иштеген, бул 2019- жылга салыштырмалуу 6% аз.

Алдын ала маалымат боюнча, чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү 2020-жылы 231,3 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 13% пайызга төмөндөдү. Муну менен бирге, ИДПнын көлөмүндөгү анын үлүшү 4,2 пайыздык пунктка кыскарды.

2020-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан дээрлик 58 млрд. сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлдү же 2019-жылга караганда 4% аз. Муну менен бирге, өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшүнө 18% туура келди.

Чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 16% кыскарды.

Чакан жана орто ишкердик субъекттердин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2020-жылы 426 млрд. жакын сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 16%га төмөндөдү. Муну менен бирге, республика боюнча анын жалпы көлөмүндөгү чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө 81%  туура келди, андагы негизги үлүш (47%дан ашык) жеке ишкерлерге туура келди.

Айыл чарбасында, анын ичинде дыйкан (фермердик) чарбаларында ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2020-жылы 150,7 млрд. сомго продукциялар өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9% көп.

 

2020-жылы чакан жана орто ишкердик ишмердүүлүгү жөнүндө кененирээк маалымат Улутстаткомдун сайтында Статистика/Чакан жана орто ишкердик бөлүгүндөгү экспресс-маалыматта берилди.

_____________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                       |тел. + 996 (312)  625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 05.07.2021, 13:52