2021-жылдын I кварталанда чакан жана орто ишкердик субъектилердин ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү

Басылмалардын датасы: 11.06.2021


Кыргыз Республикасынын аймактарында 2021-жылдын январь-мартында 12 миңге жакын ишкана иштеди, анын ичинен 94% чакан ишканаларга туура келди. Мында иштеп жаткан чакан ишканалардын дээрлик 60% өз ишмердүүлүгүн Бишкек ш. жүргүзүшкөн.

2021-жылдын 1-апрелине карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча 423 миңге жакын жеке ишкер ишмердигин жүргүзүштү, бул өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу эки пайызга көп. 

2021-жылдын январь-мартында чакан жана орто ишканаларда 78 миңден ашык адам иштеген, бул өткөн жылдын I кварталана салыштырмалуу 3% көп.

2021-жылдын январь-мартында чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү 38,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга жогорулады. Мында ИДПнын көлөмүндөгү анын үлүшү өзгөргөн жок.

2021-жылдын январь-мартында чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 13,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 18 пайызга көп. Ошол эле учурда, өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү алардын салыштырма салмагы 18% түздү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2020-жылдын январь-мартына салыштырганда 40% көбөйдү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2021-жылдын январь-мартында 79,4 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9%га өстү. Мында анын республика боюнча жалпы көлөмүндө чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө 89%дан ашыгы туура келди, анын ичинен негизги үлүш (дээрлик 48%) жеке ишкерлерге туура келди.

Айыл чарбасында, дыйкан (фермердик) чарбаларын кошкондо, ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2021-жылдын январь-мартында продукциялар 15,2 млрд. сомго же республика боюнча анын жалпы көлөмүнүн жарымынан көп өндүрүлгөн.

2021-жылдын I кварталында чакан жана орто ишкердик ишмердүүлүгү жөнүндө кеңирирээк маалымат Улутстаткомунун веб-сайтындагы Статистика/Чакан жана орто ишкердик бөлүгүндөгү экспресс-маалыматта берилди.

_____________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                       |тел. + 996 (312)  625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 14.06.2021, 09:43