Кыргыз Республикасында байкоого алынбаган экономиканын динамикасы жана параметрлери

Басылмалардын датасы: 25.04.2019


Улуттук статистика тажрыйбасында байкоого алынбаган экономика түшүнүгү көмүскө жана формалдуу эмес ишмердикти камтыйт. 

Көмүскө экономикалык ишмердик көпчүлүк учурларда өзүнө ишмердикти жүзөгө ашырган бирдиктер тарабынан салыктарды, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн баш тартуу же эмгекти коргоо, санитардык жана башка ченемдерди аткаруу, ошондой эле административдик формаларды же статистикалык суроолор тизмектерин толтурбоо боюнча мыйзам менен аныкталган белгилүү административдик милдеттерди же буйруктарды сактабоо максатында жашырылган же азайтылган мыйзамдуу экономикалык ишмердикти камтыйт. Бул ишмердик экономиканын дээрлик бардык тармактарында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Формалдуу эмес экономикалык ишмердик негизинен жеке ишкерлер же корпоративдик эмес ишканалар, т.а., башка адамдарга же үй чарбаларга таандык ишканалар тарабынан мыйзамдуу негизде жүзөгө ашырылат. Алардын ишмердиги өндүрүштүн катышуучуларынын ортосундагы формалдуу эмес мамилелерге негизделген, алар өздүк акыркы керектөө үчүн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү (толук же жарым-жартылай) өндүрө алышат. Формалдуу эмес ишмердик көбүнчө кошумча жумуш катары каралат жана аны менен профессионалдуу эмес түрдө алектенишет.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, көпчүлүк ишкерлер жалданма эмгекти тарткан жана тартпаган жеке жак макамын алышат жана “Үй чарбалар” секторуна же формалдуу эмес секторго тиешелүү болушат. Мисалы, бул секторго соода, автоунааларды оңдоо, жеке транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, кийим тигүү, ун тарттыруу, нан жабуу ж.б. менен алектенген жактар кирет. 

Уурулук, алдамчылык, опузалоочулук, финансылык махинация жана башка көптөгөн укукка каршы иштер, алар кайсы бир деңгээлде экономикалык активдер (акчалар, мүлк) менен болгон операцияларга байланыштуу болсо да, бирок өзүнүн мааниси боюнча экономикалык болуп саналбайт жана байкоого алынбаган экономикага киргизилбейт.   Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин баалоосу боюнча өндүрүш тарабынан бааланган ИДПнын көлөмүндөгү байкоого алынбаган (көмүскө жана формалдуу эмес) экономиканын үлүшү 2017-жылы ИДПга карата 23,6 пайызды түздү жана 125,2 млрд. сом өлчөмүндө  түзүлдү.  

 

Таблица: Көмүскө жана формалдуу эмес экономиканын көлөмүнүн өзгөрүү динамикасы

 

2000

2005

2010

2011

2012

2013

2014

2015

2016

2017

Кјміскј жана формалдуу эмес јндіріштін натыйжасында алынган кошумча нарк (айыл чарбасын кошпогондо),

  млрд. сом

8,5

18,1

42,0

55,8

61,7

70,5

92,8

102,3

116,7

125,2

ИДПга карата пайыз менен

13,1

17,9

19,1

19,5

19,9

19,8

23,2

23,8

24,5

23,6

  анын ичинде кјміскј јндіріш

1,1

1,4

2,4

3,0

2,5

2,7

2,2

2,4

4,2

3,5

 

Өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн (жашыруун жана формалдуу эмес) экономика 2017-жылы 125,2 млрд. сомду же ИДПга карата 23,6 пайызды түздү.

 

График: Байкоо жүргүзүлбөгөн экономика

(ИДПга карата пайыз менен)

2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылдагы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшүнүн ИДПга карата төмөндөшү дүң жана чекене соодада; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоодо - 16,4 пайыздан 16,1 пайызга чейин ошондой эле курулушта - 1,9 пайыздан 1,7 пайызга чейин катталды.

 

График: Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоого алынбаган  экономиканын үлүшү1

(ИДПга карата пайыз менен)

    1 Айыл чарбасын кошпогондо.

___________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы, тел. + 996 (312) 324695; 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.04.2019, 18:08