ЕАЭБ статистикага инновацияларды жана жаңы маалымат булактары киргизүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү күчөтөт

Басылмалардын датасы: 26.05.2023


24-25-май күндөРү Москва шаарында экинчи Евразия экономикалык форуму болуп өттү. Тематикалык сессиянын негизги маселелеринин бири Евразия экономикалык бирлигинин статистикасын өнүктүрүү, статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана жайылтуу үчүн инновациялык технологиялык чечимдерди киргизүү, расмий статистика үчүн альтернативалуу маалымат булактарын интеграциялоо, ошондой эле маалыматтардын түзүлө турган экотутумундагы өнөктөштүк жана координация багыты болду.  

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунан төраганын орун басары Бакытбек Шокенов катышып (онлайн), катышуучуларга Улутстаткомдун отчеттук оорчулукту жана бюджеттик чыгымдарды азайтуу үчүн административдик маалыматтарды статистикалык максаттарда колдонууну кеңейтүү иштери тууралуу маалымат берди.

Колдонуучулар үчүн статистикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, маалыматтарды жеткирүүчүлөрдүн ишинин оордугун азайтуу жана ЕАЭБде статистикалык маалыматтардын жогорку сапатын камсыздоо маселелери боюнча координацияланган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында, тегерек столдун катышуучулары тарабынан төмөнкүдөй сунуштар колдоого алынды:

  • статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана жайылтуу процесстерин жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу жолу менен өркүндөтүү, ошондой эле маалыматтарды жана статистиканы жалпы алмаштырууну жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди кабыл алуу;
  • камтуунун толуктугу жана Бирликтин статистикасынын салыштырмалуулугун жогорулатуу үчүн ЕАЭБ статистикасындагы эл аралык статистикалык стандарттарды кабыл алуу тармагын кеңейтүү;
  • ЕАЭБдин жана мүчө мамлекеттердин статистикасын түзүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын, мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жана боюнча илимий коомчулуктун жаңы маалымат булактарын (административдик маалыматтар, “ири маалыматтар” ж.б.) изилдөө жана колдонуу боюнча аракеттерин күчөтүү;
  • Евразия экономикалык бирлигине маалыматтарды жана SDMX метамаалыматтарын алмашуунун эл аралык стандарттарын киргизүүгө көмөктөшүү;
  • колдонуучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн маалыматтарды элестетүүнүн жаңы каражаттарын жана расмий статистикалык маалыматтарды жайылтуунун башка ыкмаларын пайдалануу;
  • чечимдерди кабыл алуучу жактарга жана саясатты иштеп чыгуучуларга сапаттуу маалыматтарды берүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Бирликтин алкагында статистика тутумунун потенциалын чыңдоо.


Акыркы жаңылоо: 29.05.2023, 16:48