Гендердик статистика гендердик теңчилик жаатында эффективдүү саясатты иштеп чыгууга өбөлгө түзөт

Басылмалардын датасы: 20.10.2021


БУУнун  Аялдары «Ар бир аял жана кыз маанилүү» долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган. «Гендердик теңчилик саясатын эффективдүү иштеп чыгуу үчүн гендердик статистиканын жана маалыматтардын маанилүүлүгү» аттуу семинардын жүрүшүндө гендердик статистика жана анын мааниси боюнча маселелер каралат.

 Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 95 жылдыгына карата уюштурулган жана Улутстатком министрликтер, ведомстволор жана гендердик статистиканын башка колдонуучулары менен кызматташтыгын чыңдоого көмөктөшүүгө багытталган.

 2021-жылдын 20-октябрынан 22-октябрына чейинки мезгилде өтөт турган семинар республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн гендердик статистиканы жана маалыматтарды колдонуудагы потенциалын жогорулатууга багытталган. Үч күндүк семинардын жүрүшүндө катышуучулар жыныстык дезагрегировандык маалыматтарды жана башка гендердик сезимтал көрсөткүчтөрдү колдонуу менен саясатты иштеп чыгуунун негиздери менен таанышат, ошондой эле статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо боюнча практикалык жөндөмдөргө ээ болушат.

https://kaktus.media/doc/448134_socialnoe_neravenstvo_nagliadno._v_bishkeke_ozvychili_rezyltaty_gendernyh_issledovaniy.html

____________________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 26.10.2021, 13:13