2020-жылдын II жарым жылдыгы үчүн калктын ишениминин индекси

Басылмалардын датасы: 20.01.2021


Калктын ишениминин индекси «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №329 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн элди сурамжылоо маалыматтарынын негизинде эсептелди. Изилдөө 2020-жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө 18 жаштан 75 жашка чейинки жаштагы Кыргыз Республикасынын жарандарына -  3600 респондентке  сурамжылоо өткөрүлдү.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишениминин индекси 25,0 баллды түздү жана 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөдү.

Калктын ишениминин индекси (министрликтердин менен ведомстволордун рейтинги)

 

Үй чарба статистикасы бөлүмү

|e-mail: Y.Kalymbetova @stat.kg; |  тел. + 996 (312) 324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.01.2021, 17:04