Ысык-Көл облусунун мамлекеттик статистика башкармалыгы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча окуу семинарын өткөрүп жатат

Басылмалардын датасы: 17.12.2018


Ысык-Көл облусунун мамлекеттик статистика башкармалыгы бүгүн 2018-жылдын 17-декабрында эл жана турак жай фондун каттоо, ошондой эле www.darek.kg  порталында иштөө  боюнча окуу семинарын өткөрүп жатат.

Семинардын катышуучулары болуп, эл жана турак жай фондун каттоо боюнча райондук жана шаардык мамлекеттик статистика бөлүмдөрүнүн сектор башчылары, облустук башкармалыгынын жана райондук мамлекеттик статистика бөлүмдөрүнүн адистери саналат.

Ушул семинардын катышуучулары ченемдик-укуктук актыларды жана алдыдагы каттоо иштеринин Календарлык планын, Кыргыз Республикасында даректерди берүү жана даректик регистрди жүргүзүү боюнча иштерди камсыздоону, ошондой эле www.darek.kg  порталында каттоо участокторун жана каттоо бөлүмдөрүн түзүү боюнча практикалык көндүмдөргө жетүүнү окуп үйрөнүшөт. 

 


Акыркы жаңылоо: 17.12.2018, 17:35