ПРЕСС-АНОНС: 2021-жылдын январь-октябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 11.11.2021


Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети Пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү жөнүндө маалыматтар жана республиканын жана анын аймактарынын өнөр жай өндүрүшү, ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери жана үчүнчү өлкөлөр менен экспорттук-импорттук операциялар жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөт.

Мындан тышкары, маалымат жыйында 2022-жылга белгиленип жаткан КР калкты каттоо өнөктүгү жөнүндө маалымат берилет.

Иш-чара Улутстаткомдун Facebook расмий баракчасы аркылуу (http://www.facebook.com/statcom.kg) түз эфирде көрсөтүлөт.

Өткөрүү убактысы: 2021-жылдын 12-ноябры, саат 10.00дө башталат.

Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 374, 1-кабат пресс-борбор

Баяндамачылар:

  • Турдубаева Ч.С., Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Өмүралиев Р.С., улуттук эсеп тутуму бөлүмүнүн башчысы;
  • Мамоева А.Д., тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Доронина Е.В., туруктуу өнүгүү жана курчап турган чөйрө статистикасы башкармалыгын жетектөөчү адиси;
  • Тукашева А.К., статистикалык каттоо жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн адиси.

Мындан тышкары, журналисттер Улуттук статистика комитетинин тиешелүү тармактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан статистикалык маалыматтарды же аларды кызыктырган маселелер боюнча консультацияларды ала алышат.

Интервью (зарыл болсо, көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн, жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнө кайрылыңыз: тел.625662, 625559 e-mail: smi_nsc @ stat.kg; Мактумкули Макешов уюл: 0700606952

Катышууну (зарыл болсо, көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыз.

                                                                                                ****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.11.2021, 16:50