Итоги социально-экономического развития в январе 2016 г. представлены в ходе пресс-конференции

Басылмалардын датасы: 10.02.2016


 

Бүгүн, 2016-жылдын 10-февралында Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын январь айында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 23 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь айына салыштырганда 10,7 пайызга азайды. Ошону менен бирге ИДПнын төмөндөшүнө өнөр жайдагы жана транспорттогу көлөмдүн азайышы таасир этти.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2016-жылдын январь айындагы ички дүң продуктунун көлөмү 1,5 пайызга азайып,  21 миллиард сомдон ашты.

2016-жылдын январь айындагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 12 миллиард сомдон ашты жана мурунку жылга салыштырмалуу 40,7 пайызга төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу көлөмдө түшүшү баалуу металл өндүрүшүнүн кыскарышы менен шартталды.

2016-жылдын январында жалпы республика боюнча товарлардын жана тейлөөлөрдүн керектөө бааларынын деңгээли мурунку айдын деңгээлинде сакталды.

Реалдуу сектор башкармалыгынын начальниги Гульзейнеп Мурсабекова пресс-конференциянын катышуучуларына өткөн жылдын аягында жүргүзүлгөн малдарды жана канаттууларды эсепке алуунун жыйынтыктары тууралуу маалымдап, малдардын жана канаттуулардын негизги түрлөрүнүн санынын өсүү тенденциясы сакталып жатканын айтып өттү.

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын начальниги Каныкей Орозбаева 2015-жылдын II жарымындагы калктын ишеним индекси боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу тааныштырды. Талдоолор көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги калк ишениминин эң жогорку деңгээлине, ал эми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Мамлекеттик бажы кызматы калк ишениминин эң төмөнкү рейтингине ээ.  

 Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Гульнара Джайлобаева өз сөзүндө 2015-жылдагы бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 13277 сомду түзгөндүгүн жана бул мурунку жылга салыштырганда 9,2 пайызга жогорулагандыгын айтып өттү. 2015-жылдагы чегерилген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалды. 

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова конференциянын катышуучуларына республиканын билим берүү чөйрөсүндөгү акыркы жылдардагы негизги тенденциялар тууралуу маалыматтарды берип, мектепке чейинки даярдыктан өткөн биринчи класстын окуучуларынын үлүшүнүн көбөйүп жаткандыгын белгиледи. Муну менен бирге балдарды орто мектеп билим берүүсү менен камсыз кылуунун төмөндөө тенденциясы байкалды.

Ал республиканын жогорку билим берүү системасы эл аралык байланыштарын кеңейтип жаткандыгын билдирди. Ошону менен бирге чет элдик студенттердин саны акыркы 5 жыл ичинде 2 эсеге көбөйдү.

 


 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы,

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 10.02.2016, 13:41