Сизге катточу же алдамчы келгенин кантип билесиз?

Басылмалардын датасы: 16.12.2019


2020-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган эл жана турак-жайды каттоонун учурунда, убактылуу каттоочу боло турган персоналды тизмеге алууну автоматташтырууну киргизүү пландалып жатат.

Улуттук статком ушул максатта “Каттоочуну каттоодон өткөрүү” автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты. Убактылуу каттоочу боло турган персонал менен түзүлө турган эмгек келишиминде анын макулдугу менен маалымат киргизилгенден кийин, автоматтык түрдө маалыматтар базасы түзүлүп калат, анын негизинде күбөлүк берилет. Бул иш мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетет. Мурдагы эл каттоо мезгилинде ушул иштер кол менен аткарылган.

Коопсуздук жана каттоочунун күбөлүгүнүн чын экендигин текшерүү үчүн, кубөлүктүн өзүндө QR-код болот, бул ар бир каттоочу үчүн уникалдуулугу менен айырмаланат. Эгер респонденттер аларга алдамчы эмес, каттоочу келгендигине көздөрү жетиши үчүн QR-кодду сканерлөөдөн өткөрө алышат. Аны сканерлөөдөн кийин, смартфондун экранында Улуттук статкомдун серверине шилтеме чыгат, анда каттоочу жөнүндөгү маалымат: анын сүрөтү, фамилиясы, аты, атасынын аты болот. Бирок анын фамилиясы, аты, атасынын аты жазылган тамгалардын бир бөлүгү персоналдуу маалыматтардын конфиденциалдуулугун сактоо максатында жашырылып коюлат.

                                            

                                                                 


Акыркы жаңылоо: 16.12.2019, 13:41