Кыргыз Республикасында ички дүң продуктту эсептөө ыкмалары жөнүндө кыскача маалымат

Басылмалардын датасы: 02.05.2019


Өлкөнүнүн башкы макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн бири - ички дүң продукттун кандай эсептеле тургандыгы жөнүндө колдонуучулардын жогорку кызыгууларын эске алуу менен, Улутстатком аны эсептөөнүн ыкмалары жөнүндө кыскача маалымат берет.

Ички дүң продуктту эсептөөнүн методологиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук эсептер системасынын 1993-жылдагы эл аралык стандарттарынын негизинде иштелип чыккан жана эсептеле турган бардык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтардын эл аралык салыштыруучулук принциптерине туура келет.

Улуттук эсептер системасынын негизги көрсөткүчү –ички дүң продукт (ИДП) рыноктук бааларда - үч ыкма менен эсептелет. Ушул эле учурда, эсептөөлөрдө маалыматтардын ар түрдүү булактары колдонулгандыгына карабастан – үч ыкманын бардыгы боюнча жыйынтык көрсөткүч бирдей натыйжаны берет.

 

Өндүрүү ыкмасы    

Кирешелерди колдонуу ыкмасы

Кирешелерди уюштуруу ыкмасы

1.Дүң чыгаруу (ДЧ)

1.Акыркы керектөөлөрүгө чыгашалар

1. Кызматкерлердин эмгек акысын төлөө

2.Ортодогу керектөө

2. Дүң топтоо

2. Өндүрүүгө жана импортко салыктар

3.Кошумча дүң нарк (КДН)

 (3 = 1 – 2);

3.Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун сальдосу

3. Өндүрүүгө жана импортко субсидиялар

4. Продукттарга салыктар (ПС)

4. Ички дүң продукт (ИДП)

    (4 = 1 + 2 + 3)

4. Дүң пайда, аралаш дүң кирешелер

5. Продукттарга субсидиялар (ПС)

 

5. Ички дүң продукт (ИДП)

   (5=1+2-3+4)

6. Продукттарга таза салыктар (ПТС)

(6= 4 – 5);

 

 

 

7.Ички дүң продукт (ИДП)

(7= 3 + 6)

 

 

Ай сайын, квартал сайын, жыл сайын

Квартал сайын, жыл сайын

Жыл сайын

 

Биринчи ыкма: ИДПны эсептөөнүн ыкчам ыкмаларынын бири өндүрүү ыкмасы болуп саналат, ал ай сайын эсептелет жана экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча кошумча нарктын суммасын, продукттарга карата таза салыктарды (субсидияларды эсептебегенде) көрсөтөт.

Өндүрүү ыкмасы менен эсептелген ички дүң продукт

 

2015

2016

2017

2018*

 

Млн. сом

Өсүү, азаюу темпи /

Млн. сом

Өсүү, азаюу темпи

Млн. сом

Өсүү, азаюу темпи

Млн. сом

Өсүү, азаюу темпи

ИДП

430 489,4

3,9

476 331,2

4,3

530 475,7

4,7

557 113,3

3,5

Товар өндүрүүчү тармактар

168 488,5

4,1

187 583,5

5,6

211 249,6

6,5

217 892,5

5,1

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук

60 530,1

6,2

61 134,6

2,9

66 386,8

2,2

64 897,1

2,7

Өнөр жай

71 916,4

-3,1

86 575,6

5,9

99 305,4

8,9

103 845,9

5,5

Пайдалуу кендерди казуу

3 323,7

50,5

3 056,0

27,0

5 073,1

58,4

5 470,1

8,1

Иштетүү өндүрүшү

(Иштетүү өнөр жайы)

60 487,1

-6,2

73 518,2

5,8

79 522,7

6,7

84 437,7

5,0

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба  менен камсыздоо (жабдуу)

7 215,9

-0,1

8 902,2

-2,6

13 323,3

10,1

12 476,6

5,0

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

889,7

3,0

1 099,2

3,3

1 386,3

5,3

1 461,5

27,7

Курулуш

36 042,0

16,3

39 873,3

9,3

45 557,4

7,9

49 149,5

7,8

Кызмат көрсөтүүчү тармактар

211 273,7

3,7

226 215,7

3,4

249 896,0

3,3

260 846,9

2,1

Продукттарга таза салыктар (субсидияларды эсептебегенде)

50 727,2

3,9

62 532,0

4,3

69 330,1

4,7

78 373,9

3,5

*Алдын-ала маалыматтар.

 

Экинчи ыкма: кирешелерди колдонуу ыкмасы менен эсептелген ИДП, акыркы керектөөгө карата чыгашалардын суммасын көрсөтөт: үй чарбасы, мамлекеттик мекемелер, коммерциялык эмес уюмдар, үй чарбаларын тейлөөчүлөр, негизги капиталдын дүң топтоосу, материалдык жүгүртүү каражат запастарынын өзгөрүүсү,   баалуулуктарды таза сатып алуу жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспорту (импортту эсептебегенде).

 

Кирешелерди колдонуу ыкмасы менен эсептелген ИДП

(үстүдөгү жылдын баасында, млн. сом)

 

2015

2016

2017

2018*

Бардыгы

430 489,4

476 331,2

530 475,7

557 113,3

 

Акыркы керектөө

466 228,4

477 443,8

526 283,2

552 889,8

 

Үй чарбалар

384 117,7

389 139,2

429 908,4

455 239,5

 

ҮЧТКЭУ

5 675,7

5 260,3

5 503,4

5 484,3

 

Мамлекеттик керектөө

76 435,0

83 044,3

90 871,4

92 166,0

 

Мамлекеттик мекемелер

39 158,1

43 724,1

46 466,2

46 830,5

 

Жамааттык керектөө

37 276,9

39 320,2

44 405,2

45 335,5

 

Дүң топтом

149 257,0

161 662,9

174 537,6

197 083,7

 

Негизги капиталдын дүң топтому

140 287,9

151 448,2

166 918,1

173 584,8

 

Материалдык жүгүртүү запастарынын өзгөрүүсү

7 304,7

8 296,0

5 462,6

20 929,4

 

Баалуулуктарды таза сатып алуу

1 664,4

1 918,7

2 156,9

2 569,5

 

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспорту

-174 702,8

-162 775,5

-170 345,1

-198 644,2

 

Экспорт

151 487,5

170 647,6

181 703,0

182 361,0

 

Импорт

-326 190,3

-333 423,1

-352 048,1

-381 005,2

 

Статистикалык айырма

-10 293,2

0,0

0,0

5 784,0

 

*Алдын-ала маалыматтар.

 

Үчүнчү ыкма: кирешелерди уюштуруу ыкмасы менен эсептелген ИДП, кызматкерлердин эмгек акы көрсөткүчтөрүнөн, кошуу өндүрүшкө жана импортко (субсидияларды эсептебегенде), аралаш дүң кирешелерге карата салыктар,  кошуу дүң пайда жана ага теңдештирилген кирешелерден түзүлөт.

 

Кирешелерди уюштуруу ыкмасы менен эсептелген ИДП

(млн. сом)

 

2015

2016

2017

Эмгек акы төлөө

116 286,6

135 291,7

142 076,9

    Кызмат акы жана маяна

 

98 960,0

115 066,8

121 797,9

   Жумуш берүүчүлөрдүн социалдык

 камсыздандырууга чегерүүсү

 

17 326,6

20 224,9

20 279,0

Өндүрүшкө жана импортко салыктар

 

58 732,4

72 560,2

80 093,4

Өндүрүшкө жана импортко субсидиялар 

 

3 528,3

5 062,3

5 347,7

Аралаш дүң киреше

 

150 660,3

156 096,3

171 263,6

Дүң пайда жана ага теңдештирилген кирешелер

 

108 338,4

117 445,3

142 389,5

Ички дүң продукт (ИДП)

430 489,4

476 331,2

530 475,7

 

Колдонуучулардан келип түшкөн көптөгөн кайрылууларга жана суроолорго карата, эмгек мигранттардан келип түшкөн акча которуулар боюнча маалыматтар үй чарбалары тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу,  бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларга салуу, кыймылсыз мүлк объекеттерин куруу же сатып алуу аркылуу алар ИДПны эсептөөнүн үч ыкмасында тең чагылдырыла тургандыгын, ошондой эле үй чарбалардын башка күндөлүк трансферттери катары улуттук эсептер системасынын кирешелеринин экинчилик бөлүштүрүү эсебинде да чагылдырыла тургандыгын белгилей кетүү керек.

 

_________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы, тел. + 996 (312) 325351; 324695.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 06.05.2019, 11:33