2019-жылдын I кварталындагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсүнүн кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 19.06.2019


2019-жылдын январь-мартында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 48,9 пайызга көбөйдү жана 176,7 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 6,9 млн.долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу резидент эместерден алынган кредиттердин, ошондой эле соода кредиттеринин көлөмдөрүнүн көбөйүшү белгиленди.

 

Январь-мартта тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү*

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

118,7

176,7

100

100

Менчик капитал

17,2

4,7

14,5

2,7

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

83,0

44,0

69,9

24,9

Башка инвестициялар

18,5

128,0

15,6

72,4

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

12,5

120,1

10,6

67,9

соода кредиттери

6,0

7,9

5,0

4,5

башка кредитордук карыз

0,0

-

0,0

-

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

* Чыгып кетүү агымын эсептебегенде

 

 

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (92 пайыздан көбү) геологиялык чалгындоого, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, маалымат жана байланышка, дүң жана чекене соодага, иштетүү өндүрүш ишканаларына, ошондой эле, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 4,4 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 4,1 эсеге, маалымат жана байланыш – 2,1 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларына – 22,9 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта инвестициялар  иштетүү өндүрүш ишканаларына – 6,0 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Кытайдан (7,4 пайызга), Нидерланддан (2,2 эеге), Түркиядан (1,4 эсеге), Улуу Британиядан (23,8 пайызга) жана Швейцариядан (5,9 пайызга ) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң көп салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 69,8 пайызы), Нидерландга (7,6 пайызы), Улуу Британияга (4,3 пайызы), Түркияга (3,3 пайызы) жана Швейцарияга (3,0 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,9 процентке көбөйдү, бул Россиядан 1,9 эсеге жана Өзбекстандан 18,5 пайызга инвестициялардын өсүшүнүн эсебинен көбөйдү. Муну менен катар, Казакстандан инвестициялар 1,5 эсеге төмөндөдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2018-жылдын I кварталына салыштырмалуу Жалал-Абад облусунда – 12,5 эсеге, Бишкек ш. – 21,0 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта калган облустарда инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Өткөн жылы келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң  көп салыштырма салмак Жалал-Абад облусуна - 69 пайызга жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 25 пайызга жакыны, ошондой эле Чүй облусуна - 5 пайызга жакыны туура келди.

2019-жылдын январь-мартында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы дээрлик үч баскычка төмөндөдү жана 169,8 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу чыгып кетүү агымы кайра инвестицияланган кирешеден башка, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн төмөндөгөнү белгиленди.

 

Январь-марттагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы  

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

247,0

169,8

100

100

Менчик капитал

32,3

1,0

13,1

0,6

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

23,8

56,1

9,6

33,0

Башка инвестициялар

190,9

112,7

77,3

66,4

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

89,5

33,0

36,2

19,5

соода кредиттери

101,1

79,1

40,9

46,6

башка кредитордук карыз

0,3

0,6

0,2

0,3

 

2019-жылдын январь-мартында инвестициялардын чыгып кеткен агымынын төмөндөөсү мейманканалар жана ресторан ишканаларында – 35,1 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларында – 14,2 пайызга, электроэнергия, газ, жана буу (жабдуу) – 7,4 эсеге, пайдалуу кендерди казуу – 6,7 эсеге, транспорт ишмердиги – 2,4 эсеге, дүң жана чекене соода – 11,5 пайызга төмөндөгөнү байкалды. Муну менен катар, инвестициялардын чыгып кетүү агымынын маалымат жана байланыш ишканаларында – 2,6 эсеге, иштетүү өндүрүшүндө – 31,3 пайызга, геологиялык чалгындоо – 17,0  пайызга көбөйдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 24,6 пайызга төмөндөдү, бул негизинен Люксембург (109,3 эсеге), Швейцарияга (99,9 эсеге), Кошмо Штаттар (12,2 эсеге), Улуу Британиядан (2,5 эсеге) алардын кыскарышынын эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 3,3 эсеге төмөндөдү, бул инвестициялардын Казакстанга (5,2 эсеге) чыгып кетүү агымынын кыскарышынан эсебинен болду, муну менен бирге алардын чыгып кетүү агымы Россияга 14,9 пайызга көбөйдү.

2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу Жалал-Абад жана Ош облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди.

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 19.06.2019, 17:12