2018-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсүнүн кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 07.03.2019


Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-ж. 2017-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 7,6 пайызга кыскарды жана 569,8 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деѕгээлинен 46,6 млн.долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылга салыштырмалуу соода кредиттерин кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2017

2018

2017

2018

Бардыгы

616,8

569,8

100

100

Менчик капитал

191,5

103,5

31,0

18,2

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

127,5

116,2

20,7

20,4

Башка инвестициялар

297,8

350,1

48,3

61,4

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

211,7

175,5

34,3

30,8

соода кредиттери

72,8

173,8

11,8

30,5

башка кредитордук карыз

13,3

0,8

2,2

0,1

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде

 

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (88 пайыздан көбү) иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казууга, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү маалымат жана байланыш чөйрөсүнө – 2,5 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 1,4 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта геологиялык чалгындоого ал – 1,9 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 4,9 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2017-ж. салыштырмалуу 11,2 эсеге кыскарды, негизинен Германиядан (3,1 эсеге), Кипрден (1,8 эсеге), Кытайдан (19,0 пайызга) жана Улуу Британиядан (3,5 пайызга) алардын төмөндөшүнүн эсебинен кыскарды.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эѕ көп салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 43,1 пайызы), Нидерландга (7,3 пайызы), Улуу Британияга (4,9 пайызы), Түркияга (3,6 пайызы) жана Швейцарияга (3,4 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2017-ж.  салыштырмалуу, тескерисинче, 3,6 эсеге көбөйдү, Россиядан 24,9 пайызга инвестициялардын өсүшүнүн эсебинен көбөйдү. Муну менен катар, Казакстандан инвестициялар 1,6 эсеге, Өзбекстандан 2,5 эсеге төмөндөдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2017-ж. салыштырмалуу региондорго бөлүштүргөндө , Нарын облусунда – 16,8 эсеге, Ош облусунда – 2,2 эсеге, Талас облусунда - 1,6 эсеге жана Бишкек ш. - 1,2 эсеге көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын кыскарышы Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарында, ошондой эле Ош ш. белгиленди.

Каралып жаткан  мезгил үчүн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эѕ  көп салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 49 пайызга жакыны, Чүй облусуна - 30 пайызга жакыны жана Жалал-Абад облусуна - 20 пайызга жакыны туура келди.

2018-ж. 2017-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 27,7 пайызга төмөндөдү жана 523,2 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылга салыштырмалуу соода кредиттерин кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2017

2018

2017

2018

Бардыгы

724,0

523,2

100

100

Менчик капитал

78,5

49,7

10,8

9,5

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

257,4

105,7

35,6

20,2

Башка инвестициялар

388,1

367,8

53,6

70,3

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

352,9

249,5

48,7

47,7

соода кредиттери

33,9

116,5

4,7

22,3

башка кредитордук карыз

1,3

1,8

0,2

0,3

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

Чыгып кеткен инвестициялардын агымы пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 44,0 пайызга, геологиялык чалгындоо – 41,4 пайызга, иштетүү өндүрүшү – 15,7 пайызга жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларында – 4,0 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2017-ж. салыштырмалуу 1,8 эсеге төмөндөдү, бул негизинен Канададан (42,8 эсеге), Сейшелдер (35,8 эсеге), Улуу Британиядан (1,4 эсеге) жана Кытайдан (14,7 пайызга) алардын кыскарышынын эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы, тескерисинче 2,1 эсеге көбөйдү, бул инвестициялардын Россияга (5,1 эсеге) чыгып кетүү агымынын өсүшүнүн эсебинен болду.

2017-ж. салыштырмалуу Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди.

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 07.03.2019, 09:28