2018-жылдын январ-июлунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 10.08.2018


2018-жылдын 7 айында социалдык-экономикалык өсүүнүн темптеринин басаңдоосу байкалууда. Маселен, 2018-жылдын январ-июлунда, ички дүң продуктунун көлөмү, алдын ала баалоолор боюнча, 261 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырганда 0,2 пайызга төмөндөдү. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 6,2 пайызды түзгөн.

ИДПнын курамындагы эң чоң үлүштү кызмат көрсөтүү тармагы 47 пайызга жакынды, өнөр-жайы 20 пайызды, айыл чарбасы 10,2 пайызды  жана курулуш 6,4 пайызды түзгөн.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 236  миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайызга өстү.

Аны менен бирге, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-июлунда 127 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү металл рудаларын казып алуунун жана кымбат баалуу металлдарды өндүрүүнүн төмөндөшү менен шартталды.

Ушуну менен бир катарда, кийим, текстил өндүрүшүндө, мунайзатты жана курулуш материалдарын өндүрүүдө өсүү камсыздалган.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 2,1 пайызды, курулушта өсүү 6,4 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 5,5 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2018-жылдын январ-июлунда (дефляция) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын 0,8 пайызга төмөндөөсү байкалган. 2017-жылдын январ-июлунда керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 1,8 пайызды түзгөн эле.

2018-жылдын январ-июлунда  керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп жогорулоосу Нарын облусунда (2,9 пайызга)  байкалган. Негизинен, азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (1,5 пайызга) жогорулаган. Мындан тышкары, Ош облусунда (1 пайызга) жана Ысык-Көл облусунда (0,5 пайызга) керектөө бааларынын жогорулоосу белгиленген.

2018-жылдын 1-жарым жылдыгында, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,2 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,1 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде экспорттук операциялар 2,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 22,8 пайызга өскөн.

2018-жылдын 1-жарым жылдыгында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмү 1,1 миллиард АКШ долларынан ашып, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,9 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде,  импорт 0,3 пайызга, ал эми экспорт 19,0 пайызга өскөн. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодада эң көп үлүш Россияга  (66,1 пайызы) жана Казакстанга (32,3 пайызы) туура келген.

2018-жылдын январ-июнунда номиналдуу орточо айлык акы (кичи ишканаларды эсепке албаганда) бир кызматкерге 15665 сомду түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өскөн, ал эми анын, керектөө бааларын эске алуу менен эсептелген, реалдуу өлчөмү 4,2 пайызга өскөн.

Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акысы 12395 сомду түзсө, бюджеттик эмес чөйрөдө  21397 сомду түзгөн. Мунун ичинде, бюджеттик эмес чөйрөдөгү кызматкерлердин  айлык акысы, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысынан 1,7 эсеге жогору болгон.

 2018-жылдын 1-кварталында калктын номиналдык акчалай кирешелери 95 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,0 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде, калктын акчалай      кирешелеринин негизги булагы болуп, эмгек ишмердигинен келип түшкөн кирешелер эсептелеген (кирешелердин жалпы көлөмүнүн 72 пайызы).

Керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептегенде, калктын реалдуу акчалай кирешелери 92 миллиард сомду түзүп, 2017-жылдын 1-кеварталына салыштырмалуу 8,5 пайызга өскөн.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзекөчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 11.08.2018, 11:01