Кыскача талдоо. Үстүбүздөгү жылдын январь-мартындагы ички дүӊ продуктунун түзүмү

Басылмалардын датасы: 11.04.2020


     Ички дүң продукт (ИДП) 2020-жылдын январь-мартында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,5 пайызга көбөйүү менен 111,3 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-мартынын деңгээлинен 0,8 пайызга өсүү менен 97,1 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү.
     ИДПнын өсүшү, негизинен, өнөр жай, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу  өсүү темпи 100,6 пайызды (2019-жылдын январь-мартында – 110,6 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 102,1 пайызды (2019-жылдын январь-мартында – 101,3 пайыз) түздү. 
     ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (49,6 пайызы) туура келди, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайызга көбөйдү, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 2,5 пайыздык пунктка көбөйдү жана 38,0 пайызды түздү. Өнөр жай тармагынын үлүшү 25,5 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 пайыздык пунктка жогору.  Айыл чарба тармагынын үлүшү 7,1 пайызды түзүү менен өткөн жылдын деңгээлинде калды, курулушта 0,3 пайыздык пунктка азайуу менен 5,4 пайызды түздү.   

2020-жылдын январь-мартында экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2019

2020

ИДП

111 347,9

101,5

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

42 231,4

100,6

35,5

38,0

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык  уулоочулук

7 940,3

101,4

7,1

7,1

Өнөр жай

28 299,8

101,1

22,7

25,5

Пайдалуу кендерди казуу

1 434,5

116,1

1,0

1,3

Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)

21 684,3

102,8

17,0

19,5

Электр энергия, газ, буу
жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

4 751,4

91,3

4,3

4,3

Суу менен жабдуу, тазалоо,
калдыктарды иштетүү жана кайра
пайдалануучу чийки затты алуу

429,6

95,4

0,4

0,4

Курулуш

5 991,3

97,4

5,7

5,4

Кызмат көрсөтүү тармактары

55 290,2

102,1

48,9

49,6

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
жана мотоциклдерди оңдоо

17 406,0

104,3

15,2

15,6

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү
сактоо

5 007,4

102,5

4,6

4,5

Мейманканалар менен ресторандардын 
ишмердиги

1 500,4

103,0

1,3

1,3

Маалымат жана байланыш

3 552,7

100,7

3,4

3,2

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

27 823,7

100,9

24,4

25,0

Продуктуларга таза (субсидияларды
эсептебегенде) салыктар

13 826,3

101,5

15,6

12,4

 
 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

___________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.04.2020, 18:00