Маданият жана искусство: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 02.11.2020


Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен маданият кызматкерлеринин күнү бекитилген, анын максаты кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурастарын андан ары сактоо жана пропагандалоо болуп саналат.

Республикада театралдык искусство өткөн кылымдын 20-жылдарында жарала баштаган. 1918-жылы Караколдо биринчи элдик театр түзүлгөн, анын театр ышкыбоздор труппасы,  негизинен жергиликтүү мугалимдерден турган. 1920-жылы Пишпек, Каракол жана Нарын уездеринде ышкыбоздук театрлар гана иштеген. Ал эми биринчи кесиптик театр 1926-жылы түзүлгөн.

Азыркы учурда республиканын аймагында 20 кесиптик театр иштейт. Театрлардын жалпы санынын ичинен  Бишкек шаарында - 8, Жалал-Абад облусунда -3, Ош шаарында - 8, Нарын облусунда - 2 жана Баткен жана Ысык-Көл облустарында бирден театр жайгашкан. 2019-жылы театралдык жамааттар тарабынан 1 643 спектакль жана оюн-зоок көрсөтүлдү. Көрүүчүлөрдүн арасында абдан популярдуу болуп Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Академиялык орус драма театры, Бишкек жана Ош шаарларындагы куурчак театрлары, ошондой эле Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры саналат.

Республикада кинонун өнүгүүсүнө токтолсок, революцияга чейин Кыргызстанда Пишпек шаарында бир гана кино орнотмосу болгон, ал шаардын борборунда - Эмен паркында курулган. Азыркы учурда республикада фильмдерди көрсөтүү үчүн жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап кинозалдар бар. Республикада маданий эс алуу уюмдарынын саны 755 түзөт анан ичинен  45 кинотеатр иштейт, аларда 2019-жылы 147 миң сеанс көрсөтүлгөн жана  2,3 млн. көрүүчүлөр келген. Кинотеатрлардын эң көп саны Бишкек шаарына (11) жана Чүй облусуна (8) туура келет.

 2019-жылы республиканын аймагында 710 клуб тибиндеги маданият мекемелери иштеген, алардын 92 пайызы айыл жерлеринде жайгашкан.

2019-жылдын аягына карата республикада 6 концерттик уюм, анын ичинде 3 филармония иштеген. 2019-жылы концерттик жамааттар жана аткаруучулар тарабынан 318 концерт берилген. Элдер кыйла көп баруучу концерттер Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук филармониясында өткөрүлөт.

2019-жылы республиканын аймагында 67 музейлер иштеген, алар тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлери тарабынан көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө 326 миңден ашык көргөзмө экспонаттары сунушталат.

Мындан тышкары, 2019-жылы кыргызстандыктардын жана республиканын конокторунун бош убактысындагы маданий эс алуусун 40 маданият жана эс алуу парктары камсыз кылды, алардын ичинен 10 парк Бишкек шаарында жайгашкан.

Маданият жана искусство чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны 12 миңге чейинки адамды түздү, алардын 59 пайызы аялдарга туура келет.

 

 _______________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелуу  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берууго милдеттуу (“Расмий статистика жонундо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 02.11.2020, 11:07